BMWнын ТАРЫХЫ

« BMW» компаниясынын девизи – «Айдоодон рахат ал!»
Негизделген жылы – 1913
Штаб квартирасы – Мюнхен, Германия
Тармагы – Автоунаа иштеп чыгаруу
Бир жылда акча айлантуу өлчөмү – 56,0 миллиард евро (2007)
Кызматкерлер – 107 миң 539 адам (2007)

Bayerische Motoren Werke” (кыргызча – “Бавариялык мотор чыгаруучу завод”) – жогорку ылдамдыктагы жеңил жана спорттук автоунааларды, мотоциклдерди чыгаруучу немистик автомобилдик компания.

Тарыхынан
“BMW” немис өндүрүшчүсү Карл Рапп тарабынан 1913-жылы негизделген. Алгач ал “Bayerische Flugzeug-Werke” деп аталып, авиациялык кыймылдаткычтарды иштеп чыгаруу максатында иштей баштаган. Ишкананын Мюнхендин аймагында жайгашкандыгынын себеби жакын жердеги Густав Оттонун учактарды чыгаруучу “Flugmaschinenfabrik” заводун кыймылдаткычтар менен камсыз кылуу эле. Ошондогу ак жана көк түстүү тегерек түзүлүштөгү эмблема ушул күнгө чейин колдонулат. Автоунаага тиешелүү эч нерсеси жок бул эмблемада учактын айланып жаткан пропеллери (учакты аракетке келтирүүчү бурамалуу стержень) чагылдырылган. Ал эми ак жана көк түсү Германиянын Бавария аймагынын желегиндеги башкы түс болуп саналат.
Арадан көп өтпөй Биринчи дүйнөлүк согуштун айынан аталган фирмага фронттук заказдар түшө баштайт. Ушуга карабастан, финансылык оор абалга туш болгон жаш компания ири өнөр жайчылар Камилло Кастильони жана Макс Фриц тарабынан колдоого ээ болуп, эми автоунаа да чыгаруучу ишканага айланат.
“БМВнын” 1918-жылы калыптанган учурдагы аталышы австриялык ири ишкер Франц Жозеф Попп менен тыгыз байланыштуу.
Согуштан кийин аталган компания жоюлуп кетүү коркунучу алдында калат. Буга немистерге учактардын кыймылдаткычтарын чыгарууга тыюу салынгандыгы себеп болот. Бирок, мындай абалдан компания жетекчилиги убактылуу жөнөкөй мотоциклдерди чыгаруу менен чыгып кеткен. Европадагы 1920-1930-жылдарда өткөрүлгөн мотожарыштарда алардын мотоциклдери көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, жоголуу алдында турган компания кадыр-баркка ээ боло баштайт. Кошумчалай кетчү нерсе, айрым маалыматтар боюнча, 1920-жылдарда немистер Совет өлкөсүн жашыруун түрдө учактардын кыймылдаткычтары менен камсыз кылып тургандыгы белгилүү.
Бир кыйла абройго ээ болуп калган компания 1928-жылы 1-автоунаасын иштеп чыгарат. “Dixi” деп аталган автоунаа 1-кезекте аз май короткондуктан, ошол кризис жылдары Европадагы эң популярдуу машинага айланат.
“БМВнын” тарыхындагы кийинки маанилүү окуя болуп учурдагы аталыштагы 1-автоунаа “BMW328” спорттук машинасынын пайда болушу болуп эсептелет. Дал ошол кезде компаниянын “автоунаа биринчи кезекте айдоочуга ыңгайлуу болуш керек” деген идеологиясы калыптанган. Мына ошондон тартып бүгүнкү күнгө чейин компаниянын ар бир жаңы модели ушул эреженин негизинде иштелип келүүдө. Ал эми “БМВнын” башкы атаандашы “Мерседес-Бенц” компаниясынын принциби – “автоунаа биринчи кезекте жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу болуш керек”. Андыктан, учурда автоунаа чыгарууда көч башы болгон эки атактуу автоунаа империясы өз принциптеринин негизинде иш алып барып, ар бири өз продукциясынын мыкты экендигин далилдөөдөн чарчашпайт.

“БМВ” – ийгилик коштогон компания
Соңку 40 жыл “БМВнын” тарыхында жеңиштердин жылы болду десек жаңылышпайбыз. Бул мезгилде автоунаа иштеп чыгууда бир канча революциялык кайра куруулар ишке ашты. Алардын ичинен кыймылдаткычты электрондук башкаруунун киргизилишин, жаңы моделдерди жаратуу боюнча илимий-изилдөө борборунун ачылышын жана биринчилерден болуп массалык түрдө кырсык учурунда айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуучу ыңгайлуулуктардын пайда болушун айтсак болот. “БМВ” империясы өз тарыхында бир нече жолу жок болуп кетүү коркунучу астында калганына карабай дайыма оор абалдан чыга алып, ийгиликке жетишип келет. Учурда аталган концерн көпчүлүк үчүн автоунаа тармагындагы ыңгайлуулук, коопсуздук, техника жана сапаттын чыныгы жүзү катары белгилүү.

Бул да “BMW” жөнүндө…

  • 2002-жылы «BMW Group» концерни чоң рекордго жетишет. Бир жылда сатылган унаалардын саны 1 миллион 57 миңге жеткен. Ошондой эле “БМВ” унаа чыгарууда заводдордо роботторду колдонбогон саналуу гана фирмалардын бири болуп саналат.
  • «BMW» компаниясы «MUSICA Viva» деп аталган заманбап музыка тармагында эл аралык сыйлык негиздеген. Андыктан, жыл сайын атайын театралдык фестивалдарды жана инновациялык көргөзмөлөрдү өткөрүп келет.
  • 1996-жылы 7-үлгүдөгү “BMW Z3” модели 1-жолу дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган. Атактуу “Алтын көз” тасмасындагы 007 агенти Жеймс Бонд дал ушул унааны айдаган. Ал эми арадан 3 жылдан кийин чыккан “BMW Z8” унаасын аталган суперагент “Керек болсо бүт аалам да аздык кылат” тасмасында айдаган.
  • Жакында “BMW” концерни “Европанын эң мыкты заводу-2008” сыйлыгына ээ болду. 2002-жылы түптөлгөн мындай сыйлыкка “BMW” автоунаа чыгаруучу компаниялардын ичинен 1-болуп татыды.


Канатбек Сыдыгалиев: «BMW МЕНИН КЫЯЛЫМДАГЫ МАШИНА»

Айтылуу “бехаларды” зымыра-тып айдап, анын ыңгайлуулук-тарын иш жүзүндө туюп-көргөн белгилүү азаматтарыбыз өлкө-бүздө четинен табылат. Андай азаматтарыбыздын бири –
ысымы далай атаандаштарынын жүрөгүнүн үшүн алган спортчу Канатбек Сыдыгалиев.

Даңктуу спортчу 1978-жылдын 18-январында Талас районунун Арал айылында туулган.
Бою 173 сантиметр, салмагы 75 килограмм.
Кикбокстогу жетишкендиктери: Дүйнөнүн (1999), Европанын (2004) жана Азиянын (2002) чемпиону. Дүйнөнүн кубогунун (2001),“КРнын президентинин кубогунун” (2006) ээси. Кличкасы – “Смерч” .
Эл аралык Башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын бүтүргөн.
Үйбүлөлүү. Учурда Бишкекте жашайт.

– Канатбек байке, канча жылдан бери рулдасыз?
– Машина айдап жүргөнүмө төрт жылдын жүзү болду. Атамдын “Москвичи” болсо да, же мага үйрөтпөптүр, же мен өзүм кызыкпаптырмын. Мектепти аяктагандан кийин окуу жана кикбокс менен алектенип жүрүп, машина айдоого кечирээк кызыга баштадым.
– Бул сиздин канчанчы машинаңыз?
– “БМВ 525” үлгүсүндөгү машинаны айдап жүргөнүмө үч ай гана болду. Буга чейин төрт жылдай дал ушундай эле үлгүдөгү машинаны айдаган элем. Биринчи машинам 1991-жылкы болуп, көбүнчө аны үйрөнүү максатында айдагам. Эки машинамды тең өз эмгегим менен иштеп тапкан акчама алгам. Учурдагы машинам 1996-жылы чыгарылган жана баасы 9 миң доллар.
– Эмне үчүн сиз “БМВ” маркасындагы гана машиналарды айдайсыз?
– Алгачкы айдаган машинам “БМВ” болгондуктан, мындай үлгүдөгү машиналарга көнүп, башка маркадагы машиналарга отургуң келбей калат экен. Чындыгында, “БМВ” менин кыялымдагы машина жана ал биринчи кезекте айдоочу үчүн аябай ыңгайлуу. Спортчу катары мага анын жогорку ылдамдыкта жүрө алгандыгы жагат. Ошондой эле айдоо учурунда пробкаларга кабылганда абалдан оңой чыгып кете аласың.
– Алгачкы жолу рулга отурганыңыз эсиңиздеби? Ошондо кандай абалда болгонсуз?
– Мен анда 8 жашта элем. Короодо токтоп турган байкемдин “ГАЗ 53” машинасын тентектик кылып, жашыруун түрдө от алдырып жибергем. Көрсө, анын автоматтык түрдө 1-ылдамдыкка кошулуп кетмейи бар экен. Заматта ордунан жылып, үйүбүздү сүзүп, токтоп калганы эсимде.
– Жол эрежесин бузуп кармалган же кырсыкка кабылган учурлар болду беле?
– МАИ кызматкерлерине бир да жолу кармалган эмесмин. Дайыма айдоочулук күбөлүгүмө кошо спортчу экендигимди тастыктоочу документимди ала жүрөм. МАИчилер мага урматтоо менен мамиле жасашат жана мен аларга рахматымды айтам. Ал эми анча чоң эмес жол кырсыгына үч жолу кабылгам. Алардын баары мындан бир нече жыл мурда 1-машинамды айдап жүргөн кезде болгон. Учурда мен өзүмдү рулда ишенимдүү сезем.
Машинанын түсүнө көңүл бурасызбы?
– Мага ак жана кара түстөр жакканы менен машина алаарда дал ушундай гана түстөргө умтулбайм. Учурдагы машинам кочкул кызыл түстөгү хамелеон, биринчиси кара түстө болчу.
– Акыркы жолу качан маршруткага түшкөнүңүз эсиңиздеби?
– Эсимде жок. Машиналуу болгондон бери бузулуп, ремонтто турганда түшсөм керек. Негизи, мен бир күн машина айдамайынча тура албайм.
– Машина айдоону бирөөгө үйрөткөн учурларыңыз болгонбу?
– Жан шеригим Айжанга машина айдоону өзүм үйрөткөм. Учурда анын өзүнүн “Мерседеси” бар. Ал машинасына өз алдынча кам көрөт.
– Келинчегиңизге машина айдоону конокко барып мас болуп калганда ордуңузга отуруп айдаш үчүн үйрөтсөңүз керек, ээ?
– Ха-ха!.. Жок андай эмес, албетте. Мен өзүм спортчу болсом, андай абалга түшпөгөнгө аракет кылам да. Айжандын өз жумуштары болгондуктан, ага да машина керек. Анын үй жумуштарына кошо машинаны да өз алдынча карап, айдоону мыкты айкалыштырганы мага жагат. Буга карата досторумдан көп эле комплименттерди угуп жүрөм.

Даярдаган Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nuray
2010-04-04 00:33:04
Jeke jashoosu jonyndo kobyrook maalymat bere alasyzdarby? Urmattu redakzija?
0
Нур Мусульманова
2023-01-07 13:11:00
https://www.google.com/url?sa=t&source=web&rct=j&url=https://tyup.net/page/mashyna&ved=2ahUKEwiOr7fA7bT8AhXBUXcKHfb6C-cQFnoECCkQAQ&usg=AOvVaw1noS_qw5SZjvdlvJ5KYOA3
0
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан