Ушул аптада өтүүчү ЖКнын чоң жыйынында депутаттарга кызматтык үй жана унааларды бөлүштүрүп берүү маселеси көтөрүлөт. Саны 90дон 120га көбөйгөн эл өкүлдөрүнө мурунку үй да, автоунаа да жетпейт.
Учурда депутаттар үчүн 36 кызматтык үй, ал эми жол кызматын аткарууга 60тай машина бар. Турак жай аймактардан келгендерге берилсе, автоунаа эки депутатка бирден берилет. 2007-жылы эл өкүлдөрүнүн баарына бирдей 22 миң долларды чапчыган Тойота үлгүсүндөгү 75 жаңы автоунаа сатылып алынган.
Жыйында маселе дагы кандай уланат, бизге караңгы. Шайлоо учурунда айткан сөзүн аткарышабы же кайрадан ойлонуп көрүп, “мага да машина, үй” дейби, аны дагы көрө жатарбыз.