Мурда кабарлангандай, 19-20-январь күндөрү Бишкектеги Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкөбүздүн кезектеги улуттук биринчилиги чоң салтанат менен өттү. Бээжин Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаевдин катышканы мелдештин башкы окуясы болду. Анын узак убакыттан кийин килемге чыгып байгелүү 3-орунду ээлегени адистер тарабынан жогору бааланууда. Ал эми түрдүү салмак категориялары боюнча чемпиондукту төмөнкү спортчулар жеңип алышты: