Эрежесиз эр мушташ сүйүүчүлөрү үчүн сүйүнүчтүү кабар. 28-январдан 30-январга чейин Бишкекте вале тудо боюнча КРнын IV чемпиондугу болот. Таймаштар 7 жаштагы балдардан тартып чоңдорго чейин жана аялдар арасында да өткөрүлөт. Демек, бүйүр кызыткан беттештер болоруна кепилдик бар. Дал ушул мелдештин жыйынтыгында эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан бара турган спортчулар тандалмакчы.