Рафаэль Надаль айтылуу “Армани” брендинин ич кийимдеринин 2011-жылкы жаз-күз коллекциясын жарнамалаган фото жана видеосъёмкаларга катышты. Ич кийимден тышкары испаниялык теннисчи “Арманинин” жынсыларын да жарнамаламай болду. Надаль аталган марканын жүзү катары былтыр декабрда тандалган. Ага чейин мындай “кызматты” Дэвид Бекхем жана Криштиану Роналду аркалап келишкен. Аялдар үчүн компаниянын кийимдерин Бекхэм менен бирге жубайы Виктория жарнамалоого катышса, Рафаэлдин өнөктөшү америкалык актриса Меган Фокс болмокчу.