АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВДУН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШИ

АКШда жашап жүргөн мушкерибиз Алмазбек Раимкуловдун жашоосу жаңы жылды утурлай чоң өзгөрүүгө дуушар болду. Тактап айтсак, айтылуу мушкерибиздин үй-бүлөсүнүн саны дагы бир адамга көбөйдү. Мекендешибизге жубайы 17-январда уул төрөп берди. Бул жеңиш болбогондо эмне?! Кубанычын жашырбаган Алмазбек Раимкулов уулуна Эрназар деген ысым бергенин айтты. Эрназар – Раимкуловдордун үй-бүлөсүндөгү экинчи перзент. Эске салсак, Алмазбек жубайы Динара экөө 2009-жылы Малика аттуу кыздуу болушкан. Ал: “Азыр мелдешке даярдык көрүп жатам. Буюрса, бул тууралуу дагы кабар берем”,- деп кошумчалады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан