УЧУУЧУ КАНЖАРЛАРДЫН ҮЙҮ

Режиссёру – Чжан Имоу, Сценарийдин авторлору – Фенг Ли, Бин Ванг, Чжан Имоу.
Продюсерлери – Уильям Конг, Вейпинг Чанг, Чжан Имоу.
Башкы ролдордо: Цзы Чжан, Такеси Канесиро, Энди Лау

Фильмдин кыскача мазмуну

IX кылымда Кытайдагы дүй­нөгө белгилүү болгон Тан династиясы күчүн жоготуп, өлкө­дө башаламандык күчөгөн маалы. Тан бийлигинин иш-аракеттерине ичи чыкпаган адамдар, башкача айтканда, оппозиционерлер «Учуучу канжарлардын үйү» аттуу уюм түзү­шөт да, байлардын байлыктарын тартып алып, кедейлерге алып берип турушат.
Фильмдин баш каармандарынын би­ри Сян Мэй – «Учуучу канжар» уюмунун мүчөсү. Ал өкмөт тарапка сокур бийчи кыз болуп келет. Бирок, анын «учуучу канжар» тараптагылар менен байланышы бар экенин байкап калышат да, түрмөгө камашат. Аны канчалык кыйнашпасын чындыкты айтпашын билген полковник Ляо жаш капитан Цзинди жаш кызга өзүн сүйдү­рүп, «Учуучу канжар» уюмунун сырларын билүү үчүн жөнөтөт. Сян Мэйди түрмөдөн бошотуп, аны уюмга чейин коштоп барган Цзин өзүн бийликке нааразы болгон оппозиционер деп тааныштырат да, кызга жардам көрсөтүү үчүн аны куткарганын айтат. Экөө «учуучу канжарлардын үйүнө» бара жатышып, жолдо көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушат. «Учуучу канжарлардын үйүнүн» сырын үйрө­нүүгө аракет кылган Цзин менен ал уюмдун башчысынын сокур кызынын ордуна келген Мэй чогуу жүргөн үч күн ичинде экөө бири-бирин сүйүп калганын түшүнү­шөт.
Ал эми фильмдин акырында Цзинди кызды сүйдү­рүп «учуучу канжарлар» уюмунун сырларын билип келүүгө жөнөткөн полковник Ляонун өзү ал уюмдун өкмөт тарапка жөнөтүлгөн тыңчысы экени ачыкка чыгат.
Фильм ушул үч адамдын тегерегиндеги болуп өткөн окуялар менен өнүгүп отурат.

Тасманын тартылышы

«Учуучу канжарлардын үйү­нүн» 70 пайызы Украинанын Карпат тоосунда тартылган. Режиссёр фильмди Украинадан тартканынын себебин өз мекенинде фильм тартуу үчүн таза табият калбагандыгынан улам деп түшүндүргөн. Алар фильм тартыла турган жерлерге, башкача айтканда, төрт талаага кытайдан атайын алынып келинген гүлдөрдүн бир нече тонналаган уругун сээп чыгышкан. Ал эми Украинада бамбук токою болбогондуктан, андай эпизоддорду Кытайдан тартышкан. Режиссёрдун ою боюнча токойдо болгон уруш гана чыныгы уруш деп эсептелет.
Фильм күз мезгилинде, октябрь айында тартылган. Тартуу учурунда күтүлбөгөн жерден кар жаап салат. Бирок, режиссёр кардын токтошун, күн­дүн жылышын күтүп отурбастан сценарийди бир аз өзгөртүп туруп, фильмди тартууну улантат. Аягында фильм ойдогудай тартылып бүтөт. Бул жөнүндө Чжан: «Алгач аба-ырайы кескин өзгөрүп, суук болбогой эле деп кооптонгом, бирок кардын жаашы тескерисинче пайда алып келди. Кар жаап жаткан мезгилдеги эки баатырдын урушу фильмдин көрөр­мандарына экөө абдан узак убакыт бою урушкандай сезим калтырат да, бул эпизод фильмге көрк берет»- деген оюн билдирген.

Баш каармандын өлүмү

Фильмге башында Азия кинолорунун жылдызы, «Атам – баатыр», «Мас устат-2», «Мистер Гонконг» фильмдеринде баш каармандын ролун ойногон Анита Муинин тартылуусу план­даштырылган. Бирок, ал фильмге тартылаар алдында ооруп калгандыктан, фильмди тартуу 2004-жылга жылдырылат. Тилекке каршы, Анита Муи 2003-жылдын декабрында рак оорусунан улам каза болот. Анын өлүмүнөн соң режиссёр Чжан Анитанын арбагын сыйлап, анын ордуна фильмге тартылуу үчүн көптөгөн белгилүү актрисалар келгенине карабастан фильмдин сценарийин кайрадан башкача кылып түзүп чыгат. Ал эми актрисанын аты фильмде жазылып кала берет.

Фильм жөнүндө талаш-тартыштар

Фильмди көргөн адамдардын арасында ушул күнгө чейин фильмдин жанры тууралуу талаш-тартыштар өкүм сүрүп келет. Фильмди кээ бирөөлөрү мелодрама дешсе, кээлери боевик, алтурсун, айрымдары комедия жанрына тиешелүү деп жүрү­шөт. Алардын минтип ар түрдүү жанрларды айтып талашуусунда негиз бар. Себеби, фильм боевик, фантазия, мелодрама, драма жана трагедия жанрларынын аралашмасынын негизинде тартылган. Фильмде белгилүү бир жанрга тиешелүү өзгөчөлүк жок. Ал эми режиссёрдун өзү бул тууралуу «Фильмде ой жүгүртүүлөрү, жасаган иштери, алдына койгон максаттары таптакыр башка эки адамдын би­ри-биринен сыр жашырып, би­ри-бирин алдап жүрүп эле үч күндүн ичинде бири-бирин сүйүп калганы сүрөттөлөт. Мен бул жерде саясий оюндарды, Кытай элинин урушуу ыкмаларын, мамлекеттик тапшырма үчүн башын сайган кыз­матты кошконума карабастан фильмде сүйүүнү бардыгынан жогору баалаган адамдарды баса көрсөтүп, алардын сүйүүсүн даңазалагым келген. Фильм ар түрдүү жанрлардын аралашмасынан турса да, трагедия басымдуулук кылат деп ойлойм. Себеби, ар бир адам үчүн сүйүк­түү­сүнүн өлүмүнөн өткөн трагедия жок болсо керек» - деген.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 190, 23-29-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан