ЖКнын депутаты Бакыт Бешимов: «ТУН СҮЙҮҮМӨ КИЙИН ЖОЛУККАНЫМА ӨКҮНДҮМ»

Ар бир улут өзүнүн патриот уул-кыздары менен сыймыктанат эмеспи. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Бакыт Бешимов да элим деп күйгөн кыргыздын чыгаан уулдарынын бири. Бакыт мырза менен баарлашып, аны окурмандарга саясатчы катары эмес, адам катары тааныткыбыз келди.

Кыскача...
Туулган жылы – 1954-жыл, 13-сентябрь
Зодиак белгиси – Бийкеч
Хоббиси – Китеп окуу, кино көрүү, тоо­го чыгуу
Кумири – Жок
Корккону – Кудайдан, кырсыктан коркот
Сүйгөн тамагы – Көп
Жактырган ыры – Рыспай Абдыкадыровдун бардык ырлары
Уюлдук телефонунун үлгүсү – "Моторолла"
Машинасынын үлгүсү – "Тойота Камри" (кызматтык машина)

– Саламатсызбы, Бакыт мырза, менин келгендеги негизги максатым – сиз менен депутат катары эмес, кыргыздын жөнөкөй уулу катары баарлашуу. Ошондуктан, маегибизде сиздин жеке жашооңузга токтолсок...
– Жакшы болот.
– Ар бир адамдын жашоосу балалыктан башталат. Ал эми сиздин балалыгыңызга кайрылсак, эмне кызыктар бар болду экен?
– Мен үч биртуугандын улуусумун. Ата-энем экөө тең кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштешкен. Атам ОшМУда иштеп жүрүп мени үйлөнткөндөн кийин 49 жашында каза болуп калды. Апам болсо азыр пенсияда. Ал мени 5-курста Алайга практикага барганында төрөгөн. Төрө­лөө­рүм менен эле мени таенем багып алыптыр. Таенемдин ошол кезде эмчектеги баласы бар экен. Ошентип, таякем экөөбүз эмчектеш болуп чогуу чоңойдук. Айылда өскөн башка балдар сыяктуу талаадан куурай, тезек терип чоңойдум. Мен жаныбарлардын ичинен атка абдан жакын элем. Жылкылардын арасында бир кашка баш кулун бар болчу. Ошону жанымдан артык көрчүмүн. Бир күнү кечинде аны желеден бошотуп, анан уктап калганбыз. Эртең менен эрте таятам бизди жулкулдатып ойготту. Турсак, бээ айланып чуркап кулунун издеп жүрөт. Биз да тегерек-четтен чуркурап издеп калдык. Бир убакта тикенектердин арасынан кулунумдун башын көрдүм. Ошондогу сүйүнүчүмдө чек жок эле. "Биякта экен" деп кыйкырып чуркап бардым. Барсам, кулундун денеси укмуштай титиреп жатыптыр. Карасам, арткы бир саны жок, экинчи санынан шорголоп кан агып жатат. Кучактап алып буркурап боздодум. Ошентип, кулунумдан ажырап калгам. Көрсө, таятамдын айтымында, эне карышкыр түндөсү эки бөл­тү­рүгүнө олжого кол салууну үйрөтүү үчүн кулунду энесинен бөлүп чыгып, балдарына салып бериптир. Ушул окуяны эстегенимде азыр да калтырап турган кулунумду аяп кетем.
– Окуучулук күндө­рүңүзгө токтоло кетсеңиз?
– Мектепке баргыча таята-таянемдин колунда жүрүп, окуганымда өз ата-энеме баргам. Айылдан Жалалабатка барганымда шаарга көнө албай качып кетким келип көпкө кыйналгам. Бирок, каникул сайын таятамдардыкына барчумун. Айылдан жылаңайлак тоо-ташта деле жүрө берчү элек. Бутум чор болуп жарылып кетчү. Каникулдан келгенде таманымдагы чорду кетириш үчүн күн сайын бутумду ысык сууга салып отурчумун. Туурулган бетимди көргөн классташтарым "жапайы" деп шылдыңдашчу. Ага чычалап алар менен дайыма мушташчумун. Окуу жагынан гуманитардык сабактарды жалаң "5ке" окудум. Математикадан берген эжейдин улуту орус болчу. Анын үстүнө, улутчул эле. Кыргыздарды кемсинтип, оозуна келгенди айтып, анысы аз келгенсип, күндөлүктөгү аттарыбызды орусча кылып өзгөртө берчү. Атым Бактыбек болгону менен өзүм "Бакыт" дээр элем. Тигил эжей Бакыт атымды чийип, "Борис" деп жазып коёт. Мен кайра аны чийип салам. Ошентип, ал экөө­бүз­дүн ортобузда келишпестиктер болуп отуруп математикадан начарлагам. Ошол эжейдин айынан Салтанат аттуу кыздар "Света", Адылдар "Алик" болуп аталып калышкан.
– Сыягы, сиздеги улут үчүн жан күйдүрүү сезими ошол кезде пайда болгон окшойт. Бакыт мырза, биз кааласак да, каалабасак да ар бирибизге балалык сүйүү келет экен...
– Оо, ал кез эсимден чыкпайт. 7-классымда каникулга таятамдардыкына бардым. Балдар түнү менен айылдын жылкыларын кайтарып, албарсты жөнүн­дөгү жомокторду айтышабыз. Анан эле бир күнү жакшынакай кийинген, куурчактай болгон шаардык кыз айылга келип калды. Балдардын баары сүйүп калдык. Түнү чогулганда баягы албарсты жөнүндөгү жомокту эч ким айтпайт. Бирибиз "мен келечекте учкуч болом, анан тигил кызды самолётко салам" десек, экинчибиз "мен офицер болом, кычыраган формам менен гүл көтөрүп барып сүйүүмдү айтам" деп эле калдык. Ал кыз айылдан кеткиче баарыбыз жылаңайлак жүрбөй өтүк, жакшы көйнөк­төрүбүздү кийип жүрдүк. Анын бетинде бир башкача калы бар эле. Ошол калын көргөндө башым айланып калчу. Канчалык кыйналганым менен тартынчаактыгымдын айынан сү­йүүмдү билдире албай кала бергем. Ошол аруу сезим жүрөгүмдө кийин да сакталып калыптыр. Арадан 20-30 жыл өткөндө алыс­кы райондордун биринде мугалимдер менен жолугушмай болдум. Мага мектеп директору мугалимдердин тизмесин алып келди. Карасам, баягы кыздын аты, фамилиясы жүрөт. Сураштырсам, чын эле ошол экен. Бирок, "ошондогу куурчактай кыздын кийинки өзгөргөнүн көрбөй койсом болмок" деп өкүнүп калдым. Анткени, баягы жүрөгүмдө сакталып калган апапакай куурчак кыз башкача болуп өзгөргөн экен.
– Мектепти бүткөндөн кийинки жашооңузга токтолсоңуз?
– Мектепти аяктаар жылы балдар менен катуу мушташа кеттим. Мушташканда да коргошунду мээлейдин ичине салып алып мушташаар элек. Каттуу таяк жегеним аз келгенсип, милицияга да түшүп калдым. Ошондо атам: "Сен балдарымдын улуусу болсоң, сени көргөн инилериң эмне болот? Адам болушуң керек!"- деген. Ошондон тарта дитимдин баарын окууга бурдум. Бишкекке келип Улуттук университеттин тарых бөлү­мүнө тапшырып, анда окуп калдым.
– Өмүрлүк жубайыңызга студент кезиңизде жолуктуңуз беле?
– 5-курсту аяктап жатканда тарых факультетинин жатаканасына барып калдым. Жатаканадан чыгып келаткан кызды көрүп эле жүрөгүм козголуп кетти. Ал кыз жанымдан өтүп кеткенде араң өзүмө келип, артынан чуркадым. "Аба-ырайы сизге жагып жатабы? Күн ысып кетти го" дегиче болбой тигил кыз троллейбуска түшүп кетсе болобу! Атын сураганга үлгүрбөй кала бердим. Ал кызга жолуккандан кийин оюм бир жерде болбой кыйналдым. Окуу жайды кыдырганды жаман көргөн жаным университеттин бардык корпустарын, жатаканаларын кыдыра баягы кызды издедим. Аракетимдин акыбети кайтып, аны таап алдым. Аты Фатима, экономика факультетинин 1-курсун бүтүрүп жатыптыр. "Баягы күнү жолукпадык беле",- десем, ал эстей албай койду. Андан кийин биздин корпустун жанынан өтүп баратканын көрүп чуркап барсам, дагеле тааныбайт. Көрсө, ал кыз мен эстен тана жактырып жүргөн кыздын эгизи Зуура экен. Ошентип, Фатима менен 4 жыл сүйлө­шүп жүрүп баш коштум. Үй­лөн­гөндөн кийин 8 жыл борбордо батирден-батирге көчүп жүр­дүк. "Үйбүлөнүн кем-карчын толуктайм" деп күн­дүзгү бөлүмдө да, кечки бөлүмдө да университетте сабак берем. Түн­кү бө­лүм­дө акыркы сабак 23.30да бүтөөр эле. Кышкысын бул убакыт абдан кеч болуп кетет эмеспи. Келсем, келинчегим мешке от жагып отурган болот. Ошондо "келинчеги­ме жакшы шарт түзүп берсем экен" деп кыялданчумун. Ошол кыялым кийин ишке ашты.
– Канча балаңыз бар?
– Эки уулум бар. Улуусу Эрдин Америкадагы Гарвард университетин бүтүрүп, азыр ошол жактагы ири компаниялардын биринде иштейт. Ал Гарвардда окуп жүргөнүндө ирланд менен немистердин каны бар америкалык Элен деген кыз менен сүйүшүп калган экен. Уулумду үйлөп, тойдун биринчи бөлүгүн Вашингтон шаарында өткөрүп келдим. Экинчи бөлүгүн август айында Бишкекте өткөрөлү деп турабыз. Келиниме кыргыздын салты менен сөйкө салдым. Кудаларыма кийит кийгиздим. Экинчи уулум Ильяз да Гарвард университетинин 3-курсун аяктады. Келинчегим Фатима Бишкектеги микрокредиттик финансы корпорациясында экономист болуп иштейт.
– Балаңыз Эрдиндин Америкада биротоло жашап калышына кантип макул болдуңуз?
– Өнүккөн өлкөдө жашап калышына, албетте, каршы эмесмин. Уул-келинимдин ошол жакта калышын өзүм колдодум.
– Бош убактыңызды кантип өткө­рөсүз?
– Мен ишемби, жекшемби күндөрү иштегенди өтө жаман көрөм. Кол алдымдагыларды да кыйнабайм. Жума күнү жумуштан кийин дүкөнгө барып мөмө-жемиш жана жаңы чыккан кинолордун дискин сатып алам. Үй телефонумду да, уюлдук телефонумду да өчүрүп, эки күн бою кино көрөм.
– Жубайыңыздын үй жумуштарына жардам бересизби?
– Мага жубайым менен сүйлөш­көн абдан жагат. Экөөбүз сүйлө­шүп салат, тамак жасай беребиз. Аны намыс көрбөйм. Бейшембини биз "үйбүлө күнү" деп белгилейбиз. Бул күнү өзгөчө тамак жасап, көзү өтүп кеткен ата-бабалардын арбагына багыштап бата тилейбиз.
– Келинчегиңиз массалык маалымат каражаттарына тап­такыр чыкпайт деп угабыз. Себеби эмнеде?
– Ал башынан эле "элге таанылбайм" деген принципти кармайт. Мен аялымдын бул принцибин колдойм.
– Сизди Африканын жунгли токоюна эс алганы барып адашып кетиптир деп уккан элек...
– БУУнун жунглиде жашаган элдин жалпы жашоосу, жаратылышындагы өзгөрүүлөрү боюнча байкоо жүргүзүүчү долбоору менен Африкага барганбыз. Жунгли токоюна алып барып келиш үчүн шоопурларга атайын акча төлө­гөнбүз. Алар токойго барчу жолду билишпейт экен. Анысын бизге айтышкан эмес. Ошентип, 7 адам адашып кеттик. Жунглиге жамгыр чакалап куйгандай эле жаайт экен. Машина баткакка тыгылды. Кудум кинодогудай бир аял өзүн жоготуп: "Ушинтип өлүп калат деген эмне?!"- деп кыйкырып ыйлай баштады. Эптеп жатып аны тынчтандырганыбыз менен баарыбыз титиреп коркуп жатабыз. Үч күн дегенде жалгыз аяк жол таап калып, ошону менен жөнөдүк. 70 километр баскандан кийин бир айылга туш болдук. Айылдан телефон аркылуу жолду билгенден кийин кайык менен кеткенбиз. Жунглидеги жырткычтар кол салбаганына тобо кылам. Алар кол салышса, баарыбыз жок болмок белек, ким билет?!
– Кызыктуу маегиңизге рахмат, ишиңизде ийгилик болсун!

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан