Голливуддун таттуу түгөйлөрүнүн бири актёр Хавьер Бардем менен актриса Пенелопа Круз уулдуу болушту. Ымыркай киножылдыздардын тун баласы. 36 жаштагы актриса Пенелопа “төрөт жеңил өттү, учурда өзүмдү эң бактылуу аял сезип жатам” дейт. Ал эми 41 жаштагы Хавьердин кубанычы чексиз болуп турганда ага дагы бир жагымдуу кабар келди. Ал «Бьютифул» аттуу тасмага тартылганы үчүн «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү.