ИШКЕ АШПАЙ КАЛГАН КЫЛМЫШ ЖЕ АЯЛДЫН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ

Үйлөнгөндө Курманбек өзүнө "аялымды, бала-чакамды эч нерседен кем кылбай багам" деп сөз берген. Убадасынын өтөсүнө чыгам деп кара жанын карч уруп иштеп жүрүп көп ийгиликтерге жетишти. Бирок, ошол аракети өз башына муш болду. Даярга тап турмушка көнүп, эсирген аялы ойношуна кошулуп, "эч кимге билдирбей көзүн тазалап таштагыла" деп өзүн өлтүрүүгө киши жалдаптыр. Мындай нерсе Курманбектин оюна да, түшүнө да кирген эмес.

Операция "К"
Көчөдөгү унаа агымы сээлдеп калган кезде чакан кафенин жанына "Мерседес" келип токтоду. Ушуну эле күтүп тургандай, аянтчада турган олбурлуу киши машинаны көздөй басты. Бул киши Гафур болчу. Машинага отураары менен сумкасынан тапанча, ок салынган кутуча алып чыгып, рулдагы жигитке карматып, сынай тиктеп калды.
– Менимче, баары сүйлөшүлдү. Миң долларды алып келдим. Калганын ишти бүтүргөн соң аласыңар.
– Канчан келээрин тактадыңарбы?
– Ооба. Кечээ өзү чалып, үч күндөн кийин жолго чыгаарын айтыптыр. Москвадан поезд үч күндө келет. Демек, дүйшөмбү күнү саат ондо темиржол вокзалына чыгасыңар. Машинаңарга таксинин шашкасын коюп алууну унутпагыла. Тосуп алууга аялы өзү барат. Ал сыр бербей, силердин машинаңарды такси деп жалдайт. Андан ары кандай кылуу керек экендигин кайталап отуруунун кажети жок.
– Макул, келиштик.
Кымыңдаган Гафур жигиттер менен коштошкон соң түз эле Жыпарды көздөй жөнөдү. Ал – Курманбектин жубайы. Бир жылдан бери Гафур менен ысык мамиледе жүрөт.

"Чын элеби?.."
"Аяш кайдагы бир сартты таап алган имиш..." Поездде термелип келе жаткан Курманбектин кулагына досунун ушул кеби кайра-кайра жаңырып жатты. Турмушуна өмүрүндө кийлигишип көрбөгөн досу өзүн узатып чыкканда ушул кепти айткан эле. "Кантип эле ушундай болсун? Мени Жыпар сатпайт",- деп өзүн-өзү жооткоткону менен жанагы кеп мээсин курттай жеп, жанына тынчтык берээр эмес. Ошентсе да, алты айдан бери бүлөсүн көрбөгөн неме балдарын ойлогондо маңдайы жаркый кубанып, мекени көзүнөн учуп келе жатты.

Каналдан жарадар киши табылды
– Жолдош полковник, каналдан ок тийип жаракат алган эркек киши табылыптыр. Жабырлануучу тезинен ооруканага жеткирилди. Териштирүү үчүн жигиттерди ооруканага жөнөттүм.
– Качан табылды?
– Бүгүн таң эрте чуркап жүргөн спортчу жигит суу жээгинде жаткан кишини көрүп калыптыр. Дароо "Тез жардам" чакырыптыр.
– Абалы кандай экен? Сүйлөй алабы?
– Врачтар операция жасап, окту алып ташташты. Азырынча реанимацияда. Бирок, "абалы жакшы, бат эле эсине келет" дешүүдө.
– Анда жигиттериң эсине келгиче күтүп, анан сүйлөшүп келишсин. Аты-жөнүн тактадыңарбы?
– Ооба. Жороев Курманбек. Москвада кыргыздар соода кылган базарда эки кафеси, контейнерлери бар экен. Кыргызстанга кечээ түш ченде поезд менен келген.
– Анда иликтөөнү темиржол вокзалынан баштагыла.
– Жарайт.

Калптын казаны кайнабайт
Бул арада Жыпар кайынжуртун чогултуп, калпты ышкыртып кирди: "Курманбекти поездден тосуп алып, жүктөрүн көтөрүп келе жатканыбызда алдыбыздан бир киши чыгып, "такси керекпи?" деп сурап калды. Оюбузда жамандык жок эле ал таксиге отурганбыз. Айдоочунун жанындагы орундукта бир киши отуруптур. Вокзалдан бир аз узаганда жолдон дагы бир киши кол булгалап машинаны тосуп калды. Айдоочу: "Байке, тигил жигит досум эле. Капа болбосоңор салып алалы",- деп суранып калды. Каршы деле болгон жокпуз. Жолдон чыккан киши биздин жаныбызга отурган. Кандайча болуп кетти билбейм, бир маалда көзүмөн от чагылышып кетти. Башыма тийген оор соккудан улам эсим ооп калды. Өзүмө келсем, көзүмө эч нерсе көрүнбөйт. Көрсө, таңып коюшуптур. Машинадагы үчөө Курманбекти кыйнап: "Акчаңды кайда каттың? Айт!"- деп жатышкан экен.
Бир маалда машинаны токтотуп, багаждагы сумкаларды тытып киришти. Андан пайдаланып, Курманбек көзүмдө­гү, колумдагы таңууну чечип жиберди. Экөөбүз машинадан түшө калып качып жөнөдүк. Тигилер кыйкырган боюнча артыбыздан түшүштү. Машинаны чоң каналдын жээгине токтотушкан экен. Артымдан бирөөсү жетип келип тээп калганда өзүмдү токтото албай каналга кулап кеттим. Буга удаа эле атылган октун үнү угулду. Мени атыштыбы же Курманбектиби, аны билбейм. Дагы көзүм караңгылап, эсим ооп калды. Эсиме келгенде карасам, жээкте жатыптырмын. Айлана капкараңгы экен. Эптеп жүрүп отуруп жолго чыгып, бир машинаны токтотуп үйгө жеттим. Анан милицияга кабарладым. Курманбек да мага окшоп сууга агып кеттиби же жанагы ок ага тийдиби, билбейм",- деп көз жашын көл кыла ыйлап жатты. Бети-башы көгала болуп, көзү көнөктөй шишиген келиндин түрүн көргөн кайынжуртунун эси чыгып, бири милицияга, бири өлүккананы көздөй жөнөп, кыйсыпыр түшүп калышты. Жыпар Курманбекти алдакачан о дүйнөгө кетти деп ойлогон. Кечке жуук милициядан: "Жороев Курманбек шаардык ооруканада жатат. Шашылыш операция жасалыптыр",- деген кабар келди. Мындай болоорун күтпөгөн Жыпардын жүрөгү оозуна кептелип, Гафурга чалып кирди:
– Алло, Гафур. Колунан иш келээр адамдарды жалдабайт белең!
Гафур түшүнө бербей туруп калды.
– Эмне жөнүндө айтып жатасың? Жаным, иш бүттү. Эми Москвадагы эки кафе, контейнерлер биздики. Эптеп кыркын өткөрсөң, анан Орусияны көздөй акырын жылып жөнөйбүз.
– Кайдагы Орусияны айтасың? Экөөбүз жетелешкен боюнча абакты көздөй жөнөмөй болдук окшойт. Кайсы кара теке сүзүп сенин тилиңе кирдим эле?
– Жыпар, жаным, түшүндүрүп айтчы?!
"Кимдир бирөө кебимди угуп койбосун" деп буйтка жерге бекинип алып, иштин чоо-жайын Гафурга жанталаша түшүн­дүрүп жаткан Жыпар милиция кызматкерлеринин келип калганын байкабады. "Макул, анда мен ооруканага барып, сен айткандай кылам. Өзүң да ошол жерде болуп тур",- деп телефонду өчүрүп, бурула бергенде формачан кишиге урунуп алып, эси чыга туруп калды.
Ушул эле күнү ооруканада Курманбек жаткан палатага кирмекчи болгон жеринен Гафур кармалды. Жыпарды катаал суракка алган кылмыш иликтөө­чүлөр Курманбекти аткан Жамшит аттуу кишини да камакка алышты. Жалданма кылмышкерлердин дагы экөө качып кетүүгө үлгүрүшүптүр. Аты-жөндөрү такталган соң аларга издөө жарыяланды.
Колуна кишен салынган соң кандай акмакчылыкка баргандыгын түшүнгөн Жыпар зар какшай ыйлап, тергөөгө барган кайындарынан кечирим сурап, күйөөсүнө бир ирет жолуктуруп коюуну суранып жатты.
Ооруканадан Курманбек бир айда чыкты. Эртеси күнү сот болмок. Жабырлануучу катары сотко катышуусу керек экенин түшүнүп турса да, аялынын чыккынчылыгын кечире албады. Андыктан, сотко ишенимдүү өкүл жиберип, өзү катышуудан баш тартты. "Жок дегенде сотко келээр. Ошондо жалынып-жалбарып кечирим сурайын. Кантсе да ортобузда эки балабыз бар. Он беш жыл бирге жашадык. Кечирээр..."- деп ойлоп жүргөн Жыпар Курманбектин келбегенин билген соң эси эңгирей отуруп калды. Адам өлтүрүүнү пландаштырып, киши жалдаганы үчүн Гафур менен Жыпар ар бири он жылдан сот жообуна тартылышты.

Даярдаган Айбек Нурадилов. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан