СОЧИДЕ ИЙГИЛИК, «ДОМОДЕДОВОДО» ЖАРДЫРУУ...

24-январда Сочиде аяктаган 22-Эл аралык Кышкы КВН фестивалына Кыргызстандын атынан “Азия MIX” командасы катышып келди. Бул тууралуу “Азия MIX” КВН Лигасынын президенти Нурлан Анарбаев кабарлады. Негизинен, “KG Club” юмордук клубдун өкүлдөрүнөн куралган тамашакөй жигиттер тандап алуу турларынан ийгиликтүү өтүп, 500 команданын арасынан мыкты 50 команданын ичине кире алышкан. Ал гана эмес, сентябрь айында Киев шаарында өтчү Украина Жогорку Лигасына чакыруу да алышыптыр, азаматтар! Эгерде дал ошол Лигада өздөрүн мыкты деңгээлде көргөзө алышса, анда эмки сезондо Москвада өтүүчү КВНдин Жогорку Лигасына жолдомо алышат.
Юморчуларыбыздын Орусияга болгон сапары муну менен гана бүтүп калган эмес. Москванын “Домодедово” аба майданы жардырылган учурда алар да ошол жерде эле. Бактыга жараша, жардырылган залдан алыста жүрүшкөн. Ошентип, таланттар ийгиликке жетишип, кырсыктан оолак болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан