Шоу дүйнөгө жаңы толкун келери менен аларды жандай продюсерлер да көбөйгөн. Кумар Асанов менен KG Эльмураттын продюсери Ислам Сатаровго эки ырчы аздык болуп жатканбы, айтор, продюсерлик кылуу жаккан окшойт, учурда жаңы долбоор ачып, таланттарды издей баштады.
Жаңы идеяларга бай, таланттуу, жан дүйнөсүн ыр менен толуктагысы келген креативдүү, өң-келбеттүү, чыгармачыл улан-кыздарга кастинг жарыялап жүрү. Кастинг 11-12-февраль күндөрү өтөрүн айтат. Бул тандоодо белгилүү артисттер, мыкты режиссёрлор, продюсерлер, стилисттер жана популярдуу эстрада ырчылары калыстар тобун толуктайт экен. Эмесе, ырдайм дегендер, islamsatarov@mail.ru электрондук дарегине кайрыла бергиле.