УГАРМАНЫ ЛЕЙЛАНЫН КОЛУН СУРАП...

Тумар радиосунун татынакай ди-джей кызы Лейла Рахимова кышкы эс алуудан жумушка чыкты. Эс алуудан келген апта ырчы кызга кызыктуу башталды көрүнөт. Дегеним, аны эфирден чыкканда күйөрманы бир кучак роза гүлү менен тосуп алып, өзүн Искендер деп тааныштырган экен. Ал көптөн бери ди-джей кыздын үнүнө арбалып жүргөнүнөн сөз баштап, анан тез эле чөнтөгүнөн алтын сөйкөнү шакеги менен алып чыга калып турмушка чыгуусун суранган. Лейла болсо "сиз үнүмдү жактырсаңыз керек, а реалдуу турмушта мен таптакыр башка адам болушум мүмкүн" деп түшүндүргөн. “Мындан кийин жакшы тааныштардан болуп жүрөлү” деп узаткан ди-джей кыз “белекке сунган сөйкө-шакегин ала албадым, а гүл кайсы кызга жакпасын?..” деп алып, үйүнө узай берген. Ким билет, экөөнүн туз-насиби бир болсо, болочокто бир үй-бүлө болуп калышар...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Maxabat
2011-02-01 14:09:24
Молодец! Лейла красавица!!!
0
admin_superstan
2017-01-09 10:07:42
tima_88, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан