Белгилүү ырчы Роза Шакирова эми продюсерлик иш менен алек болом дейт. Буга Астана шаарынан ырчыны атайын издеп келген 21 жаштагы Саадат аттуу кыз себеп болгон. Кыздын талантына баа берип, ырдаганына кайдигер карабаган ырчы ага чын дилинен жардам берүү ниетинде. Бирок өзүнүн чыгармачылыгын таштап эмес, тескерисинче, “ырчылык – менин жашоом, эми катуу киришем” деп турган чагы. Роза кол алдындагы кызды кантип тарбиялап чыгат, аны да көрө жатарбыз.