“Тамашоунун” күйөрманы болсоңуз, анда “Саяктар” тобун билесиз. Буга чейин алардын долбоордон чыгып кеткени тууралуу айтылган. “Эми “Мас уй”, “Англис тилинин мугалими” сыяктуу тамашаларын көрө албай калабызбы?..” деп кабатыр болгондорго сүйүнүчтүү кабар айтабыз. Топтун жигиттери “Кызык-шоу” деп аталган телевизиондук-юмордук программа иштеп чыгышты.
Аталган программанын режиссёру, идеянын автору Камчыбек Жумабеков: “Биринчиден, өткөн жыл өлкө үчүн өтө оор болду. Бул кырдаалды биз күлкү менен жеңишибиз керек дедик. Экинчиден, Орусиянын телеканалдарында юмордук берүүлөр жүздөп саналат, а бизде жокко эсе. Аларда бар баш бизде деле бар. Үчүнчүдөн, тамашаны сүйгөн таланттуу жигиттер ушинтип эле тарап кетебизби деп отуруп ушул идея жаралды. Мында эл арасына терең сиңген тамашаларды кыскартып, күлкүлүү жерин кесип көрсөтүп беребиз. Даяр болгон көрсөтүү ашар менен жылаңач энтузиазмда тартылды. Негизинен, материалдык жактан колдоо керек экен”,- дейт.
Учурда бул берүү кайсы телеканалдан көрсөтүлөрү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, жакында өзүңүз күбө болосуз.