ПАРЗ

Бир кезде “кыргыз керемети” аталган кыргыз киносу Союз тарагандан кийин солгундоого учураган. Ошол солгундоону жоюуга аракет кылган кыргыз жигиттеринин арасында Садык Шер-Нияз да бар. Ал 2001-жылы “Айтыш” фондун түзүп, андан соң кыргыз киносун көтөрүү максатында атайын 2006-жылы “Айтыш фильм” киностудиясын ачкан. Мына ушул фонд тарабынан 2006-жылы тартылган “Парз” фильми дүйнөлүк фестивалдарга катышып, кыргыз элинин намысын коргоо менен байгелүү орундарга татып келет.

Режиссёр – Темир Бирназаров
Сценарий жазгандар – Садык Шер-Нияз, Темир Бирназаров
Оператору – Михаил Петров
Башкы ролдордо: Бала – Акжол Бекболотов, Кыз – Алтынай Төлөкулова

Тасманын мазмуну
“Парз” фильминин башка тасмалардан айырмасы бул – үнсүз кино экендиги. Башкача айтканда, фильмге катышкан каармандар бири-бири менен сүйлөшүшпөйт жана эч биринин ысымы айтылбайт. Фильмдеги башкаармандын ролун жараткан бала жаңы эле түрмөдөн чыгып келгенде атасы каза болот. Ал баланын атасынан башка жакыны жок. Анын үстүнө, ата-бала эмнегедир башкаларга окшоп короосуна бир да жандык күтүшкөн эмес. Бала илгертен келаткан салтка ылайык атасын жерге берүүдөгү парзын аткаруу үчүн ошол эле айыл ичинен жылкы уурдап келип соёт. Жыйынтыгында, түрмөдөн келген бала кайрадан эле түрмөгө кетет. Фильмдин ортосунда шаардык жаштар менен айылдык жаштардын сүйүүлөрүнүн айырмасы да берилген. Тактап айтканда, аялдамада турган башкаарманга жигитин кучактап турган шаардык кыз көзүн кысып тийишет. Ал эми башкаарман кошуна кызга болгон ички сезимин аяр мамилеси аркылуу билдиргенге аракет кылат. Кошуна кыз кермеде кир жайып жатканда бала акырын кермеге кооз билерик илип, аны жылдырып жиберет. Му­ну менен режиссёр шаардык жаш­тарга караганда айылдык жаштар сүйүүнү аруу тутушаарын бергиси келген. Уурулугу билинген баланы милиция кызматкерлери алып кеткенде кошуна кыз баланын арзуусуна жооп кылган сыңары анын ачык калган үйүн кулпулап бекитип жатканы менен тасма соңуна чыгат.

«Парз» фильми дүйнөлүк фестивалдарда
Фильм туурасында “Айтыш фильм” киностудия­сынын директору Фархад Бекмамбетов төмөнкүлөрдү айтат:
– Бул тасма 2006-жылы тартылып бүткөн­дөн кийин биздин эл көрө электе эле чет элдик фестивалдарга катышууга жолдомо алган. “Парз” фильми алгач Францияда өткөн эл аралык “Клермон-Ферран” фестивалына катышты. Дүйнө жүзүнөн барган 2500 тасманын ичинен жакшы делген алдыңкы элүү тасманын арасына кошулуу биз үчүн чоң сыймык болду. Андан кийин Ирандын борбору Тегеран шаарында болгон эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун атайын белегине татыган. Мындан кийин дагы Швейцария, Германия, Италия мамлекеттеринде өткөн конкурстарда бир катар сыйлыктарга ээ болгонбуз.
– Айтсаңыз, бир эле кинону бир топ чет элдик конкурстарга катыштырууга кандайча мүмкүнчүлүк алып жатасыздар?
– Алгач тасманы конкурстун уюштуруучуларына жиберебиз. Конкурска катышууга миңдеген кинолор жөнөтүлөт. Ошонун ичинен алар конкурска ат салышууга татыктууларын тандап алышат. Ушундай тепкичтерди басып өткөн соң гана эл аралык конкурстарга катышууга мүмкүнчүлүк алып келебиз.
– “Парз” фильми америкалыктардын да кызыгуусун туудурганы маалым, ал кандайча болду?
– Былтыр Америкада өткөн эл аралык кинофестивалда жергиликтүү “CUNY TV “ телекомпаниясы “Парз” фильмин жактырып калган. Ошондон кийин ушул компания келишимдин негизинде “Парз” фильмин бир жыл бою АКШда көрсөтүү үчүн сатып алышты. Ушул жерден айта кетчү нерсе, бул фильм баш-аягы болуп 80 эл аралык фестивалга катышып, тигинтип америкалыктар кызыгышкандан кийин гана биздин УТРК кызыгып, эми араң көр­сө­түп жатат.

Тасманы тартуу учурунда...
Фильмдин тартылышы туурасында режиссёр Темир Бирназаров тө­мөндөгүлөргө токтолот:
– Негизи, үнсүз фильм тартуу – менин стилим. Алгач тасмага тартыла турган кыз менен жигитти кастинг аркылуу тандап алдык. Анан фильмге начар там издеп Карабалта, Кеминге чейин бардык. Акыры оюбуздагы там шаардын четиндеги Татыр айылынан табылды. Тамдын ичинде баланын апасынын портрети илинип туруш керек эле. Ал сүрөттү даярдап алып барсак, кызыгы, биз тапкан тамда жадакалса биз каалагандай сүрөт да бар экен. Андыктан, биз алып барган сүрөт эмес, ошол үйдөгү сүрөттү колдонгонбуз.
Сценарий боюнча баланын атасын жерге бергенден кийин нөшөрлөгөн жамгыр болуш керек эле. Атасын жерге берүү бөлүгүн тартып бүтүп боз үйдү чече баштаганда, катуу жамгыр башталып калды. Ошентип, жасалма жамгыр кылбай кинону табигый жамгыр менен тартканбыз.


Р.Жабиров: «...АЙПЕРИНИ СУЛТАНГА КҮЙӨӨГӨ БЕРИШПЕЙТ»

Көпчүлүк жаштардын кызыгуусун арттырган “Кайып булак” фильминин режиссёру Рысбек Жабиров учурда “Достор” фильмин тартуу менен алек болуп жатканын окурмандарыбызга кабарлаганбыз. “Бул фильмди тартуу кимдин идеясы, кандай тартылып жатат жана кимдер катышат?” деген сыяктуу кызыктуу суроолордун негизинде фильмдин режиссёру Рысбек Жабиров менен маек курдук.

– “Достор” фильмин тартуу идеясы кандайча пайда болду эле?
– Мындан мурун тартылган “Кайып булак” фильмин монтаждап жатканымда Султан Садыралиев: “Байке, мен жана менин досторум туурасында бир кино тартпайсызбы”,- деп айтып калды. Мен дароо эле макул болуп, Султанга: “Продюсериң менен сүйлөшүп көр”,- дедим. “Кайып булакты” бүт­көндөн кийин “Депутат” деген фильм тартсамбы” деп пландап жаткам. Ал эми Султан экөөбүздүн сөзүбүз жадымдан чыгып кеткендей болгон. Бир күнү Динара Эсенгулова кино тартуу жөнүндө айтып калды. Ошентип, “Достор” фильминин сценарийин жазууга кириштим. Фильмдин сюжеттерин, башкача айтканда, сценарийин толугу менен өзүм жаздым. Айрым жерлерин досторум Назым Меңдибаиров менен Молдаалы Өтөнбаевдер толуктап, өзгөр­түүгө жардам беришти.
– Фильмге тартылуучу топ туурасында айта кетсеңиз?
– “Достор” фильмине аты көпчү­лүккө маалым болуп калган жаш ырчылар катышышат: Урмат Усенов, Сема, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев, Аида Кулуева, Кубик кызы Айпери, Сауле, Мажит. Башкы ролдордо Султан менен Айпери.
– Тартылып бүтө элегинде эле жаштарды кызыктырып калган кино эмне жөнүндө болмокчу?є
– Башкы ролдогу баланын аты – Ариет. Ариет кичинекейинен балдар үйүндө чоңоёт. “Максатыңа жетүүңө жардам берген ата-энең болбогондон кийин анда акчалуу болуш керек экен” деген ой Ариетти бийлеп алат. Ушундай оюнун негизинде акчалуу адамга айлануу үчүн Ариет досторунан бөлүнүп кылмышкерге айланат. Аягында бардык нерсени акча чечпесин түшүнөт. Бирок, анда кеч болуп калат. Кинонун аягында Ариеттин достору анын жакын туугандарын табышканы менен ал аларды көрбөй калат. Эмне болуп жолугушпай калганын азыр айтып койсом, көрүүчүлөргө кызыксыз болуп калабы деп турам. Ошондуктан, аягын сыр кыла турайын. Кинонун ортосунда Ариет бардар үйбү­лөдө өскөн кыз менен таанышып, жакын болуп кетет. Кайсы эле ата-эне кызын жетим балага бергиси келсин. Ошентип, сүйүүдө да Ариеттин жолу болбойт.
– Тасманын канча бөлүгү тартылып бүттү жана кайсы жерде тартылып жатат?
– Учурда фильмдин 60 пайызы тартылып бүттү. Тартуу Бишкек шаарында, шаар четиндеги айылдарда жана Таласта жүрүүдө. Баса, тартуу мезгилиндеги кызыктуу бир нерсени айткым келип жатат. Катышуучулардын баары актёрлукта тажрыйбасы жок ырчылар эмеспи. “Кайып булак” тасмасын тартып жатканыбызда ырчылардын колдоруна сценарийди карматып койгон элек. Алар болсо “мен минтип ойнойм” дешип алдын-ала даярданып алышыптыр. Ойноорго келгенде биз, режиссёрлор аларды башкача ойното албай кыйналганбыз. Ошол себептен бул жолкусунда бир аз бөлүгүн гана окутуп, анан даярдантып жатабыз. Катышкандар кинонун аягы эмне менен бүтөөрүн билишпейт.
– Бул кинону тартуу менен көрөрмандарга эмне тууралуу айт­кыңыз келет?
– Эл балдар үйүндө өскөн­дөрдү эл ата-эненин мээримин көрбөгөн, мыкаачы, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эч нерседен тайбаган адам катары билишет. Бирок, карап көрсөк, кылмышка толук кандуу үйбүлөдө өскөн, бардар жердин балдары деле барып жатышпайбы. Менин бул кинодо балдар үйүндө мээримге зар болуп чоңоюшса да жетим балдардын жакшы адам болууга умтулгандарын бергим келген.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан