Таланттуу Жетигеновдордун үй-бүлөсүнөн чыккан куудул Назира Жетигенова шоу-бизнеске дагы бир Жетигенованы жетелеп кирүү алдында турат. Ырчылыкка кызыккан бир тууган сиңдиси Наргизанын продюсери да өзү болмокчу. Эми эки эже-сиңди ырдап, үчүнчүсү куудулданып, сахнадан түшпөй калышат окшойт. Үч-Теректин үч кызы сыяктуу эже-сиңди Жетигеновалар да өздөрүнө ат таап алышса, мындан сонун жарашмак. Ошентип, Жетигеновалар династиясы уул-кызы, эже-сиңдиси болуп жетиге жетейин деп калды.