28-январь – КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун туулган күнү. Тармал чач агабыз билинбей кырктын кырынан ашып калыптыр. Жыл сайын бул датада ырчы досторунун башын бириктирип, алардын арасында бильярд боюнча мелдеш өткөрүп келет. Бул ирет да салтын бузбай, бильярд клубдарынын биринде бешинчи турнирин өткөрмөкчү. Ырчынын жеке майрамын куттуктап жана мелдешке катышуу үчүн чыгармачыл инсандардан Чырмаш Төрөбеков, Токтобек Асаналиев, Кыялбек Урманбетов, Гүлнара Тойгонбаева, Актан Исабаев жана башкалар барышмакчы.