Бир бүркүм... ӨКМӨТ ФЕВРАЛДАН ТАРТА НАСЫЯ БЕРЕТ...

  • “Ата Мекен” фракциясы Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин ысымын Кыргызстандагы чокуга ыйгарууга каршы чыкты.
  • Реформадан кийин стажы жок мугалимдер 7800 сом айлык аларын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев айтты.
  • Айыл чарба министри Төрөгул Беков Кытай өкмөтү Кыргызстандын 260ка жакын трактор сатып алуусуна кайтарымсыз 5 миллион доллар грант бөлөрүн билдирди.
  • “2011-жылдын республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, быйылкы жылдын казынасынын таңсыктыгы
    21 миллиарддан ашуун сомду түздү.
  • Ушул эле мыйзам долбоордогу маалымат боюнча, бюджеттин кирешеси 67 миллиард сомдон туруп, ал былтыркы жылга салыштырмалуу 16 миллиард сомго чейин көбөйөт.
  • Улутташтырылган 47 объектинин ичинен 38и майдын аягында аукциондо сатыкка коюларын Мамлекеттик менчик министрлигинин өкүлү Даир Кенекеев айтты.
  • Эмгек министри Алмасбек Абытовдун айтымында, 1-февралдан тарта өкмөт 10 пайыздык кредит алуучуларга насыя бере баштайт.
  • Эл аралык “International Living” журналы жашоонун сапаты боюнча Борбор Азиянын ичинен биринчиликти Кыргызстан илип кеткенин жарыялады. Андан сырткары биздин өлкө экологиясы таза жана Борбор Азиянын мамлекеттеринин арасында эң эркин деп аталды.
  • “Фермерлерге жеңил кредит” долбоору боюнча 9 пайыздык чекти 7 пайызга түшүрүү депутаттар тарабынан каралды. “Айыл Банк” ААКсы өкмөттүн чечимине ылайык, 1 миллиард сом көлөмүндөгү каражатты фермерлерге 9 пайыздан насыя катары берип келет.
  • ЖКнын «ата журтчу» депутаты Нурзат Осмонова мандатын өз ыктыяры менен тапшырды.
  • Президент Роза Отунбаева 30-январда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге жолугуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан