ЭКС-ЭНЕРГЕТИК БАЛКЫБЕКОВ КАРМАЛЫПТЫР

Мурдагы Энергетика министри Сапарбек Балкыбеков эл Бакиевдерди издеп кымгуут түшүп жатканда эле из жашырган болчу. Ошол киши Ирландиянын Дублин шаарында Интерпол борбордук бюросу тарабынан колго түшүрүлгөндүгү белгилүү болду. Эскерте кетсек, апрель окуясынан кийин экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда иш алып барган аткаминерлердин катарында ал дагы эл аралык издөөгө жарыяланган. Ал “Электр станциялары” ААКсын жетектеп турганда мамлекеттик казынага материалдык зыян көрсөткөндүгү үчүн айыпталууда. Башкы прокуратура аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатат.
Айтмакчы, УӨ эл аралык издөөгө жарыялангандарды кармоого жардам бергендерге 100 миң долларга чейин сыйлык берерин билдирген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
arlekino
2011-01-31 15:19:43
Эми бул адамды кармаганда эмне Бакиев ары десе ары, бери десе бери болгон бир шордуу да "подставной" лицо...
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан