ОТУНБАЕВА ЭС АЛУУГА ЧЫККАНЫ ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРАЙТ

Президент Роза Отунбаева Жаңы жылдан кийин кыска мөөнөткө эс алууга чыккан. Президент айым эки апта эс алууга кеткени үчүн “Кабарлар” радиосу аркылуу жарандардан кечирим сурады. “Мен бир жыл бою Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен бирге башкарууда болдум. Бул аралыкта дем алган жокмун. Албетте, мен дагы адаммын, чарчайм, андыктан эс алууга муктаж болдум”,- деп, кадимки эл каттаган учакта кеткенин, жан сакчылары жок, чет жерде кызы менен бирге өзүнүн каражатына эс алганын билдирди. “Мамлекеттин бир дагы тыйынын короткон жокмун”,- деди Роза айым.
Мурунку президенттерибиз элге айтпай чет жерге эс алууга же дарыланууга барып-келип турушчу. Бирок экөөнүн тең элинин алдында эс алганы үчүн кечирим сураганы эсибизде жок. Андыктан бир жылдык убактысы калса да, Роза Отунбаеванын бийликке манчыркап кетпей, эл менен эсептешкени үчүн “бали!” демекчибиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
EmMiR
2011-02-01 22:39:24
Мен да БАЛИ дейм!!!
0
melashka
2011-02-02 23:02:22
бизге окшогон карапайып элдер чарчаганды билбейбиз,эрте туруп кечке иштейбиз,тиричиликтин артынан а чондор болсо мамлекеттин акчасына дем алышат кайра жардам бериштин ордуна, чарчаса эмнеге президент болот, журо бербейби эс алып.
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан