СЫРА! ЖАЛАҢ СЫРА ЖӨНҮНДӨ...

Жыты буркурай каңылжаарды кытыгылаган кыпкызыл шишкебек, ышталган балык, туздалган мисте, картошка кал­­дыр­­­кандары жана кружкага батпай көбү­рүп-жабырган сыра! Ушул көрүнүш жайдын аптаптуу күндөрүндө көпчү­лүктүн кө­­­зү­нөн өтүп турган кези. Андыктан, бул ирет жалаң сыра тууралуу кеп кылабыз...

Качан пайда болгон?
Сыраны адам баласы биздин заманга чейинки мезгилде эле ойлоп тапкан. Иликтөөлөргө караганда, сыранын пайда болушуна кадимки эле нан үчүн жуурулуп, өтө ачып, суюлуп кеткен камыр өбөлгө болгон. Ал эми накта сыра ичимдиги дүйнө жүзүнө байыркы шумерлер аркылуу тараган. Тигр жана Евфрат дарыяларынын ортосунда биздин заманга чейинки мезгилде жашаган шумерлерде сыранын азыркы ачык, кызыл, күңүрт түстүү түрлөрү болгон. Түшүмгө бай, суулуу жерди мекендеген бул калк дандын көп бөлүгүн сыра ачытуу үчүн колдонгон. Бирок, ал кезде сырага эч кандай спирт, консерванттар кошулбагандыгын жана ал денсоолукка пайдалуу суусундук катары колдонулгандыгын иликтөө­чүлөр жоромолдоп келишет.
Байыркы сырадан айырмаланып, бүгүнкү күндөгү сыранын алкоголдук күчтүүлүгү 12 пайызга чейин жетип, винонун айрым түрлөрүн кууп жетти. Учурда бул ичимдикти өндүрүп чыгаруу боюнча Европанын Чехия, Германия, Бельгия өлкө­лөрү алдыңкы орунда турат.

Сыра ичүү боюнча чемпион
Германия эли – сыра ичүү боюнча чемпион. Иликтөөлөр боюнча, германиялыктар ичкен сыраны бөлүштүрө келгенде ар бир адамга жылына 120 литрден туура келет. Немистерден кийинки орунду англистер ээлешет. Тумандуу Альбиондун тургундарынын ичкен сырасын эсептегенде жылына киши башына 104 литрден ылайык келет. Кийинки орундарда Франция, Италия, Испания турат. Кызыгы, сыра даярдап чыгаруунун чыныгы адистери болгон чехтер сыра ичүү жаатында жогоруда аты аталган өлкөлөрдөн кыйла артта.

Сыра майрамы
Бавариянын сыра ачытуучулары 190 жылдан бери “Okto­berfest” деп аталган сыра фестивалын өткөзүп келишет. Бул майрам октябрь айынын баш ченине туура келет. Ал Мюнхенде өткөзүлөт.
1810-жылы октябрь айында бавариялыктар Людвиг I менен саксондук Терезия ханбийкенин тоюн тойлошот. Мындай маанилүү күндө жалпы калкка түрдүү оюндар уюштурулуп, бекер сыра суудай төгүлөт. Тойлоп жүргөн элдин маанайы абдан жагып кеткендиктен, Людвиг I мындай иш-чараны жыл сайын өткө­рүп туруу буйругун берет. Ошентип, сыранын мекени болгон Баварияда жыл сайын Сыра майрамы 1810-жылдан бери белгиленип келет жана ал дүйнө жүзүн­дөгү эң чоң майрам катары “Гиннес рекорддор китебине” киргизилген.

Көпчүлүккө белгисиз фактылар

  • Калай банкаларга куюлган сыранын сапаты челектерде сакталганга караганда кыйла начар болот. Анткени, калай банкалардагы сыра мүмкүн болушунча көп убакытка сакталып сатылууга ылайыкталгандыктан, консерванттар кошулат.
  • Сапаттуу сыраны кружкага куйганда үстүндөгү көбүгү 4 сантиметрден ашык болуп, ал 4 мүнөткө чейин жоголбой сакталышы керек.
  • Сыра калориясы – күчтүү азык. Андыктан, аны “суюк нан” деп атап коюшат. Сыраны көп ичкен адамдын семирип кеткени да ушундан улам.

Сыранын пайдалуу жактары

  • Сыраны маал-маалы менен аз өлчөмдө пайдаланып жүргөн адамдын ашказанында тамак сиңирүүчү маңыздын бөлүнүп чыгышы жакшырат. Жү­рөк ооруларына жана кант диабетине чалдыгуу коркунучу азаят.
  • Мончодогу кызып турган таштарга сыраны сээп койсо, анын буусу терини жумшартып, жылма кылып коёт.
  • Жаңы жуулган чачты сыра менен чайкаса, чач жылтырап, кайраттуу болуп, көркүнө келет.

Сыранын кесепеттери
Сыра адамдын денсоолугуна пайдалуубу, же тескерисинче, анын түбүнө жетеби? Бул суроого алда качан жооп табылышы керек эле. Анткени, сыра – адам баласы ойлоп тапкан ичимдиктердин эң байыркыларынын бири. Ошентсе да, сыранын пайдасынан залалы ашып кетээри коомчулукта кө­бү­рөөк айтылып келет. Мисалы, сыраны ашыкча пайдалануу төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет:

  • Мээнин эс-тутумду жөнгө салган функциясына доо кетет. Натыйжада, адам акырындап склерозго айланат.
  • Эркектин жыныстык системасына сыранын залалы көп. Ал сперматозоиддердин иштелип чыгуу системасын бузат. Боордон негизги эркектик гормонду алсыратып, басуучу зат бөлүнүп чыга баштайт. Анын негизинде организмде аялдык гормон басымдуулук кылат. Натыйжада, эркектердин жамбаш сөөктөрү, көкүрөк бездери, курсактары чоңоюп кетет. Ал эми аялдарда көкүрөк бездеринин залалдуу шишигине кабылуу коркунучу күчөйт.
  • Арактан улам ичкич болгонго караганда, сырадан ичкич болуп кетүүнүн кесепети оор. Анткени, ал байкалбай өөрчүп, организмди өзүнө баш ийдирип алат да, андан арылуу өтө кыйынга турат. Андыктан, сыра ичимдик эмес, улуттук суусундук катары кабыл алынган Германияда сырадан улам пайда болгон ичкичтиктен жабыркагандар абдан көп.

Өзгөчө дегустация
Учурубуздун сы­ра ачытуучулары чехтердин “Пльзен” сырасынын жасалуу ыкмасын “уурдап” алууга аракет кылышат. Бирок, кайталангыс даамы бар бул сыраны Пльзен шаарынан башка жердиктер окшоштура албай келишет. Ал эми аталган шаардын тургундары сыранын сапатына өзгөчө кө­ңүл бурушат.
Пльзен шаарындагы жашоочулар илгери сыранын сапатын сыноонун өзгөчө ыкмасын колдонушкан. Мындай сыноо жылына бир ирет өткөрүлүп турган. Ал күнү шаардын борбордук аянтына жыгачтан жасалган күркө орнотулган. Ал күркөнүн үстүнө булгаары шым кийген сыра ачытуучу чыгып отурган. Ал орун алган соң текшерүүчүлөр ал адам ачыткан сырадан үстүнө жаба куюшкан. Беш-он мүнөт отурган соң сыра ачытуучу ордунан туруш керек болгон. Эгер анын булгаары шымы жыгач күркөгө жабышып калса, сыра сапаттуу деп эсептелип, сынактан ийгиликтүү өткөн. Кокус булгаары шым күркөгө жабышпай чыгып кетсе, сыранын сапаты начар деп табылып, сыра ачытуучуну ачууланган эл ташбараңга алып жазалашкан. Атүгүл айрым учурларда сынактан өтпөй калып каза тапкан сыра ачытуучулар да болгон.

Адистин пикири

«Чыпкаланбаган Чыныгы «жандуу» сыра эки күн гана сакталат»

Учурда заманыбызда сыранын “жандуу” түрү пайда болду. Мындай сыранын башкалардан айырмалары, сакталуу мөөнөтү тууралуу так маалымат алуу үчүн сыра ачытуунун чыныгы адистерине кайрылдык. Биздин суроо­­лорубузга Н.Урманбетов атындагы “Арпа” ААКсынын башкы технологу Нургүл Абыкеева жооп берди.

– Нургүл Турсунбековна, айтсаңыз, учурда “жандуу” сыра тууралуу түркүн маалыматтар бар. Бирөөлөр “жандуу” сыра чыпкаланбайт” десе, дагы бири “чыпкаланат, бирок, ысытылбайт” дейт. Булардын кайсы бири туура?
– Мен 25 жылдан бери “Арпада” иштеп келе жатам. Андыктан, чыныгы “жандуу” сыра деген эмне экендигин жакшы билем. Чыпкаланбаган, жогорку температурада ысытылбаган сыра гана чыныгы “жандуу” сыра болуп эсептелет. Албетте, ал сыранын башка түрлөрүнө караганда витаминдерге бай келет. Мындай сыра болгону эки күн гана сакталат. Азыркы учурда ысытылбаган, бирок, чыпкаланган сыраны да “жандуу” деп атап жүрүшөт. Бирок, мындай сыранын курамында жандуу угуттун эң эле аз өлчөмү калат. Чыпкадан өткө­рүлгөндүгү үчүн мындай сыраны он-он беш күнгө чейин сактоого мүмкүнчүлүк бар.


Бир собол

Сиз сыра ичесизби?

Нурлан Шакиев, президенттин басма сөз катчысы:
– Сыраны биринчи жолу ооз тийип көр­гөнүмө, жаңылбасам, он жыл болду көрүнөт. Башка ичим­дик­терди көп жактырбасам да, жайкысын сыра жагат. Катуу чаңкаган кездеримде муздак сыра кө­зүм­­дөн учат. Мекенимдин чыныгы патриоту катары чет жердиктердин сырасын эмес, өзүбүздүн “Арпаны” ичем. Аны башкалардан кыйла сапаттуу деп да ойлойм.

Нуржамал Бурханова, телеалпаруучу:
– Сыраны мен айрымдар сыяктуу кубалап ичпейм. Бирок, жайкысын аптап айланы кетиргенде салкын жерде отуруп ичкенди жактырам. Болгондо да сыранын “нулёвкасынан” ичем. “Нулёвканын” курамында алкоголь жок. Ошентсе да, чарчаганыңды жазып, чыңалган мээни кадимкидей сергитет.

Динара Эсенгулова, продюсер:
– Сыраны мен арактан качкан учурларда ичем. Түшүнүк­түүрөөк айтканда, конокторго барганда “арак ич” деп кыстап калышканда “жакшысы, сыра ичейин” деп суранып туруп алам. Ошентип, оңой кутулуп кетем. Бул ичимдиктин даамын биринчи жолу татып көргөнүм такыр эсимден чыкпайт. Анда 27 жашта болчумун. Даамы, айрыкча жыты жаккан эмес.

Неля, ырчы:
– Сыра – абдан калориялуу ичимдик. Айрымдар аны “суюк нан” деп да атап жүрүшөт. Ал эми мен келбетимди дайыма бир калыпта алып жүрүү­гө аракет кылам. “Суусунду кандырат” деп сыра иче берип семирип кетким келбейт. Ошондуктан, сыранын жанына жакын жолобойм.

Самат Дөөлөтбаков, ырчы:
– Мен сыра эле эмес, башка ичимдиктерди да таптакыр ичпейм. Билбейм, балким, түрк лицейинде окуп, таалим албасам, башкалар сыяктуу эле мен да тамеки тартып, ичимдик ичкен жигит болуп калаар белем... Бирок, лицейдеги тарбиядан улам мындай зыяндуу адаттардан алыс болуп калганыма кубанам.

Айя Садырова, ырчы:
– Сыраны кээде гана ууртап-татып коём. Чынын айтсам, сыраны ичүү­гө эч кимди үндө­мөк эмесмин. Анткени, сыраны көп ичкен адамда толгон-токой баш оорулар башталат. Мисалы, семирип, курсагы чыгып, целлюлит пайда болот. Анын үстүнө, семирип кеткен аял да, эркек да өтө жагымсыз, жийиркеничтүү көрүнөт.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан