Алмазбек Атамбаев: «БАЖЫ СОЮЗУНА КИРҮҮГӨ АРГАСЫЗБЫЗ»

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев быйылкы жылдын бюджетинин жыртыгын бүтөй албай, өзү айткандай, тилемчидей акча сурагандантажаган өңдөнөт. “Акыркы 10 жылда “Центерра” компаниясы 250 тоннага жакын алтын өндүргөн. Анын баасы 10 миллиард доллардан ашуун турат. Мамлекет өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн компаниянын активдерин башкарышы зарыл. Биз “Центерранын” акчасын пайдалануунун ордуна тилемчидей акча сурап жүрөбүз”,- деди Атамбаев мырза.
Экинчиден, өкмөт башчы Бажы союзуна баары бир кошулууга туура келерин билдирди. Аталган союз Орусия, Казакстан жана Беларустан турат. “Биздин башка жолубуз жок. Анын кемчиликтери көп дешүүдө. Бирок Бажы союзуна кирбесек, кемчиликтер андан да көбөйөт”,- деди өкмөт башчы. Эл арасында “Бажы союзуна кирсек, “Дордой” жабылат, Кытайдан товар алып келүү оорлойт, Германия, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн машина алып келүүгө мүмкүн болбойт” деген сыяктуу сөздөр бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
arlekino
2011-01-31 15:18:08
Даа базарда эмгектенген адамдар чындан эле эмне болот болду экен...
0
anarbeka
2011-01-31 18:12:25
кошулуш керек
0
anarbeka
2011-01-31 18:13:31
Кошулуш керек деп ойлойм
0
EmMiR
2011-02-01 22:40:15
ушул тууралуу кай жерден окуп билсе болот болду экен?
0
ABU
2011-02-03 13:23:22
ox ox myna saga sayasat
0
daniar
2011-02-03 15:31:28
аракетке берекет дейт Алмаз байке. ишинерге ийгилик...
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан