6 МИҢ СОМ КАЙДА КЕТТИ?

ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков депутаттар мурункудай эле 18 миң сом, министрлер 24-30 миң жана спикер өзү 24 миң сом айлык аларын айтты. Ага чейин президент Роза Отунбаева мамлекет башчы, премьер жана спикердин айлыгы бирдей, тактап айтканда, 30 миң сом экенин билдирген эле. Минтип Роза Отунбаева менен Ахматбек Келдибековдун сөзү коошпой калууда.
Ошол эле учурда ЖКда кайсы бир фракция кызматтык үйдөн баш тартса, кээ бирлери “биз жардамчысы жок иштейбиз” деп чыгышты. Кызматтык унаалар боюнча төрага жаңы машина алууга каражат жок экендигин айтты. Минтип казынанын каражатын үнөмдөөгө канчалык аракет кылышпасын, баары бир парламенттин чыгымы эки эсеге жогорулаган. 2009-жылы парламенттин бюджети 381 миллион сомду түзсө, быйылкы жылга 561 миллион сом каралууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sweetypie
2011-02-01 10:55:27
Бир нерсе айтуунун кереги жок! Барыбир жакшы жакка жылыш болбойт да
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан