«ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨР» фотосынагын жарыялайбыз!

Кадырлуу окурмандар, "Супер-Инфо" гезити 14-февраль Сүйүшкөндөр күнүнө карата сынак жарыялайт. Бул сынакка жалаң белгилүүлөр катышат экен деп ойлобоңуз. Мейли кыз-жигит болосузбу, мейли баш кошконуңузга 30 жыл болгон түгөйлөрдөнсүзбү, айтор, түгөйүңүз менен катышууга сизде чоң мүмкүнчүлүк бар. Сынактын шарты боюнча таттуу түгөйлөрдүн электрондук варианттагы сапаттуу, эң кызыктуу сүрөттөрү сайтыбызга жайгаштырылып, добушка коюлмакчы. Катышуучулардын жашы чектелген эмес.

Сүрөттөрдү 5-февралга чейин редакцияга же info@super.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз. Аты-жөнүңүздү, байланыш телефонуңузду жазууну эсиңизге салабыз. Алдыңкы 3 орундун ээлерин сонун сюрприздер жана мыкты фотосессия күтөт.
Аз гана убакыт калды, чамдаңыздар, эки жүрөк бир соксун, сүйүүңүздөр сүрөттөн сезилсин!
Байланыш телефону: 32-33-26

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан