ҮЧҮНЧҮ ЭМЕС, БИРИНЧИ!

30-январда Мельбурнда теннис боюнча чоң шлем түркүмүнө кирүүчү 4 ири мелдештин бири – Австралиянын ачык чемпиондугу аяктады. Эркектер арасында финалда көпчүлүк Федерер-Надаль тирешин күтсө да, чемпиондук Новак Жоковичке буюрду. Сербиялык теннисчи финалда англиялык Энди Мюррейди жеңди. Ал эми аялдар арасында бельгиялык Ким Клийстерс мелдештин ачылышы болгон кытайлык Ли Наны (чоң шлем түркүмүнө кирүүчү ири мелдештин финалына чыккан алгачкы азиялык теннисчи айым) баш ийдирди. Кызыгы, Жокович менен Клийстерс экөө тең мелдешке чейин дүйнөлүк теннис рейтингинде 3-орунда эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан