САМУРАЙЛАР КУБОКТУ БАСКЫНЧЫЛАРГА БЕРБЕДИ

29-январда Дохада өтүп жаткан Азиянын кубогунда Азиянын жаңы чемпиону аныкталды. Чемпиондук беттеште Күн Чыгыштын өлкөсү Япония менен Жашыл континенттин көлү Австралиянын курама командалары таймашышты. Оюндун негизги бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, кошуп берилген убакыттын 109-мүнөтүндө самурайлар жеңишти илип кетишти (жеңиш голдун автору – Таданари Ли). Азиянын чемпиондук наамын бөтөн континенттин өкүлүнө (Австралия 2006-жылдан бери Азия футбол конфедерациясынын мүчөсү болуп келет) бербеген япондордун бул 4-наамы. Бул жагынан алар Сауд Арабия менен Иранды ашып түшүп, рекорд коюшту. Мелдеште 3-орун үчүн оюнда Түштүк Корея Өзбекстанды 3:2 эсебинде жеңип алды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан