Талашсыз түрдө башкы кышкы трансфер испаниялык Фернандо Торрестин “Ливерпулдан” “Челсиге” өткөндүгү болду. Торрестин Лондонго көчүшү үчүн Абрамович 80 миллион долларын аябаптыр. Анткени келишим боюнча, “Ливерпуль” Торрести мөөнөтүнөн мурда аталган суммадагы акча үчүн гана коё берүүсү каралган. Футболчунун өзү аптасына 300 миң доллар алат (мурдагы айлыгынан эки эсе жогору). Буга “Ливерпулдун” нааразы болгон фанаттары Фернандонун футболкасын өрттөшүп: “Биз ал келгенде команданын легендасына айланат дегенбиз...”- деп “узатышты”. Тагдырдын тамашасын карасаңыз, 6-февралда Англия Премьер Лигасынын кезектеги турунда “Челси” “Ливерпулду” кабыл алат...
Акыркы трансферлер төмөнкүлөр болду: