Бишкекте өткөн вале тудо боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда командалык эсепте Оштун “Мухаммед-Умар” (2 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль) командасы жеңип чыкты. Экинчи борбордун өкүлдөрү айтылуу “Стронгду” артта калтыра алышты. Бул тууралуу машыктыруучу Тагай Өмүржанов мындай деди: “Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Биз жаштарды сыноо максатында алып келгенбиз. Жеңип чыкканыбыз бир чети күтүлбөстүк болду. Буга жалпы машыктыруучулук курамдын эмгеги чоң”.
Чемпиондор төмөнкүлөр болду: Хабибулло Жамшитахунов (55 килограмм салмакта, командасы “Мухаммед-Умар”), Жолдошбай уулу Абдрашит (60, “Стронг”), Бектемир Абдразаков (65, “Стронг”), Абакир уулу Бекдөөлөт (70, “Мухаммед-Умад”), Кылыч Заиров (75, “Илион”), Жолон Айдаров (85, “Локомотив”), Тилек Жээнбеков (+85, “Локомотив”).