АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

216-МАРШРУТКАДАН ЧӨНТӨК УУРУ КАРМАЛДЫ
27-январда борбордогу №216-маршруттук таксисинде жүргүнчүлөрдүн уюлдук телефондорун жана акчаларын уурдоону кесип кылган адам кармалды. Ал 1988-жылы туулган К.О. аттуу мурда 6 жолу соттолгон адам болуп чыкты. Азыркы кезде тергөө иштери жүрүп жатат.

3 ӨМҮР КЫЙЫЛДЫ
31-январь күнү саат 22:20 чамасында Балыкчы шаарынын Фрунзе көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Ауди-80 автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги даракты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган үч адам каза болуп, экөө жаракат алган. Кырсыкка кабылгандар Балыкчы шаарынын тургундары.

САНЖАР БАКИЕВГЕ 10 ЖЫЛ
1-февралда Чүй облустук сотунда мурдагы президенттин иниси Санжар Бакиевдин үстүнөн сот иши болуп өттү. Сот Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүп, Санжар Бакиев Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алуу иши боюнча да күнөөлүү деп табылды. Жыйынтыгында айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылып, 50 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

ЧЕТ ЖЕРДЕ ЖЕРДЕШИН ӨЛТҮРҮП...
17-январь күнү Орусиянын Москва облусунда кыргызстандык жаран Б.Тнын өлтүрүлүп, аялы К.Кнын жарадар болушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектелип эки жердешибиз А.М. жана Н.А. кармалган. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ТОНОГУЧ
Орусиянын Кемеров шаарында Кыргызстандын 48 жаштагы жараны Н.Т. шаардык сот тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылды. Ал “бир нече дүкөндөрдү тоногон” деген шек менен кармалып, анын ичинен 4 жолу тоногону далилденген. Андан сырткары кылмышкер кармалган кезде жанынан 7 огу менен тапанча табылган.

ӨЛТҮРҮП, АНАН ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕН
27-январь күнү Сокулук районунун Селекция айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Өрт өчүрүүдө үйдүн ичинен 32 жаштагы үйдүн кожойкесинин денеси табылган. Дене төшөнчүгө оролуу болгон. Өлүмгө өрт эмес, бычак менен көп жолу урулган сокку себеп болгону аныкталды. Кылмышкер өзүнүн кылмышын жашыруу максатында үйдү өрттөп жиберген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

101 билдирет

1 АДАМ КАЗА БОЛДУ
30-январда Жалал-Абад шаарынын Жеңижок көчөсүндөгү 27-үйдөн өрт чыккан. Жыйынтыгында бир бөлмө толук күйүп кеткен. Өрт өчүрүлүп бүткөндөн кийин бөлмөдөн 1960-жылы туулган М.Юнун денеси табылган. Алдын ала божомолдор боюнча, өрткө мас абалда чылым чегүү себеп болгон.

ИСЛАМ БОРБОРУ ӨРТТӨНДҮ
28-январь күнү саат 00:00 чамасында Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан Ислам борборунун имаратында өрт чыккан. Жыйынтыгында имараттын 352 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталып жатат.

ЭНЕ-БАЛА КАЗА БОЛДУ
28-январда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы Мичурин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Натыйжада газга ууланып 1962-жылы туулган Е.Ж. жана 1999-жылы туулган А.Ж. каза болушкан. Андан сырткары үйдүн кожоюну, 1962-жылы туулган С.Ж. жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттүн чыккан себеби белгисиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан