Кара терилүү топ-модель Наоми Кэмпбелл «Elle» журналынын февраль айындагы чыгарылышына жылаңачтана сүрөткө түшүп берди. Ошондой эле курбусу Кэмерон Диаз менен Лондондогу ресторандардын биринде тамактанган соң кызматкерлерге чай-чака деп 8 000 доллар таштап кеткен. Моделдин бул жоругу “жарнамалардан жакшы каражат таап жатат го” деген ойго алып келди.