Белгилүү британиялык композитор Жон Барри 77 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салды. Айта кетсек, Жон Барри айтылуу тыңчы Жеймс Бонд жөнүндөгү тасмаларга музыка жазып атагы чыккан. Ал баш-аягы 11 тасмага саундтрек жазган. Эмгеги текке кетпей, беш жолу “Оскар”, төрт жолу “Грэмми” сыйлыгына ээ болгон.