Экс-теннисчи Анна Курникова кош бойлуу. Тун баласынын атасы атактуу испан ырчысы Энрике Иглесиас экени да түшүнүктүү. Экөөнүн чогуу жашаганына сегиз жыл болсо да, үйлөнүүгө ашыгышчу эмес. Көптөгөн интервьюларында Энрике “ата болорумду укмайынча үйлөнбөйм” деп келген. Эми коомчулук эки жаштын тоюн гана күтүшүүдө. Эскерте кетсек, Анна Энрикенин клибине тартылгандан кийин экөөнүн сүйүүсү башталган.