МИКРОФОНДУН ОРДУНА КЛЮШКА

Өткөн жылы атактуу скрипкачы Ванесса Мэй муз үстүндө бийлөө менен машыгып, «Сочи-2014» Кышкы Олимпиадасына катышуу тилегин билдирген. Бизде да спорттун кышкы түрү менен алектенип, мелдештерге катышып жүргөн сахна адамы бар.
Белгилүү ырчы Турдаалы Аскарбеков ушул күндөрү Казакстанда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында шайба менен хоккей ойноо боюнча таймашып жүрөт. Хоккей боюнча спорт чеберлигине талапкер ырчы агабыз кыргыздын намысын коргоо үчүн аттанган 23 азаматыбыздын катарында. Атүгүл Бахрейн менен болгон оюнда гол киргизүүгө да жетишти. Кубандырганы, хоккейчилерибиз азырынча бир да жеңилүү ызасын тартыша элек. Эмне дейбиз, элибиз сиздерден алтын медаль күтүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан