Ыр дүйнөсүндө эле эмес, тасма тарыхында да из калтырууну каалаган Айпери Кубик кызы дагы бир тасмага тартылды. Ал “Достор” аттуу тасмада роль жаратып режиссёр Назым Мендебаировдун көзүнө илинип калган. Режиссёрдун сунушу менен “Жубайлар” аттуу тасмада Айпери башкы ролду аткарды.
Үч үй-бүлөнүн жашоосун чагылдырышкан Асел Турдалиева менен Аскат Сулайманов, Назира Жетигенова жана Камчы Сарыбаев, Айпери менен Өмүралы Шералиев – кинодогу түгөйлөр. Азыр “жубайларды” элестетип тим болсок, көрүп, сыначу күн да алыс эмес. Анткени комедия жанрындагы тасма ушул айдын ортолорунда жарыкка чыгат.