Москва шаарында архивдик кинолордун фестивалы өтмөкчү. Бул үчүн кылымдарды карыткан тасмаларды архивден алып чыгып, эскирген плёнкаларды жамап, тазалап, санариптик плёнкага түшүрүп жатышат. Баарынан кызыгы, 1908-жылы тартылган алты мүнөттүк тасманын табылышы болду. Туруктуу сүйүү жана достук тууралуу баянды 6 мүнөткө батырган тасма азыркы кино жаратуучуларды өзүнүн көркөмдүгү, түшүнүктүүлүгү менен таң калтырды.