Ушул тапта башкы киносыйлык болгон «Оскарга» талапкерлер боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат. Фаворит Том Купердин «Падыша сүйлөйт» тасмасы боло тургандай. Бул тасма «Оскардын» 12 наамы боюнча ат салышат. Америкалык киноакадемия кино жаратуучуларга тасмадагы айрым орой, уят сөздөрдү кыркып салууну сунуштаган. Бирок тасманы кыскартууга караманча каршы болгон режиссёр «чындыкты жашырууга болбойт. Тасма чыныгы жашоодон алынган. Мен тасманы кескенден көрө, «Оскарды» алуудан баш тартам» деди. Ошондой эле «Дэвид Расселлдин «Жоокер», Кристофер Ноландын «Башталыш» тасмасы да жеңишке жетишчүдөй» деген божомолдор бар.