«Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» демекчи, Голландиянын Роттердам шаарында өтүүчү «Кызыл вестерн» кинофестивалында Сүймөнкул Чокморов башкы ролду аткарган 2 тасма көрсөтүлөт. Алар – «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» жана «Жетинчи ок». Кино изилдөөчү Гүлбара Төлөмүшеванын айтуусунда, программанын максаты – 1920-1980-жылдардагы вестерн жанрын өнүктүрүү. Бул жылы аталган программа бир канча өлкөнү кыдырып чыкмакчы.