Атактуу Курманжан датка тууралуу тартылган «Тоо ханышасы» фильми Ош жергесинде көрсөтүлгөнү маалым. Тасманын бет ачарынан кийин Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов режиссёр Замир Эралиевге үстүбүздөгү жылдагы Ош окуясындагы улуттар аралык кагылышууну тасмада чагылдырууну сунуштады. Шаар башчы мындай тасма жалпыга зор сабак болорун айтып, тасма тартуу иштерин ар тараптуу колдоп бере турганын билдирген. Өз кезегинде режиссёр сунушту ойлонуп көрүүнү чечти. Ошентип, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы кандуу окуянын сырын, балким, тасма ачып берер...