Бир бүркүм... 4-ФЕВРАЛДА БИШКЕК ШААР БАШЧЫСЫ ШАЙЛАНАТ...

  • ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров мамлекеттик структуралардагы 1,5 миңдей жеңил машинаны аукциондон сатууну сунуштады. Анын демилгеси боюнча, кызматтык унаалар министрлерге гана калтырылышы керек.
  • “ИИМдин кызматкерлеринен тартылып алынган 1400 курал-жарактан 200ү гана кайтарылды”,- деди Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов.
  • Мурдагы вице-премьер Азимбек Бекназаров чоң партия түзүп, анын атынан президенттик шайлоого бир талапкер чыга турганын айтты.
  • Москва шаарынын “Домодедово” аэропортундагы жардыруудан кийин көп кыргызстандыктар кармалышканын ЖКнын депутаты Жоомарт Сапарбаев айтууда.
  • Чет өлкөлүктөр тарабынан кыргызстандык балдарды багып алуу шарттары оордотулат. Эскерте кетсек, бул тармакта мыйзам бузуулар катталган соң асырап алуу процесси убактылуу токтотулган.
  • Испаниянын падышасы Хуан Карлос I тарабынан коомдук ишмер Таалайбек Бапанов Крест офицер ордени менен сыйланат.
  • Президент Роза Отунбаева Казакстанга барган сапарында мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев менен нефть жана сүт азыктарын ташуу үчүн киргизилген тыюуну жокко чыгарууну макулдашышты.
  • 4-февралда Бишкек шаар башчысы шайланат.
  • Акмат Бакиевдин иши боюнча сот 17-февралга жылдырылды.
  • 5 жылдан бери жетим жана майып балдар, ошондой жардамга муктаж үй-бүлөлөр менен иштеп келе жаткан “Сурия” кайрымдуулук фонду таланттуу эгиздер үчүн сынак жарыялайт. Сынак музыка жана кол өнөрчүлүк багыттары боюнча өтүп, ага 5 жаштан 100 жашка чейинки каалоочулар катыша алышат.
    Сурап-билүү телефондору:
    (0312) 93-25-50, (0778) 55-56-65
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
EmMiR
2011-02-05 23:50:30
мэр ким болду?
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан