«БАЙЛАНЫШ ЖОК, ДҮЙНӨДӨН СЫРТТА КАЛДЫК»

Окурман каты

Ош облусуна караштуу Алай районунун Бүлөлү айылынын тургундары бийлик өкүлдөрүнөн уюлдук телефон байланышын камсыз кылган жабдуу коюп беришин суранышат. Айыл жашоочуларынын өтүнүчүн айткан Турусбек Сапаров бир эле телефон эмес, телевизор көрүү мүмкүнчүлүгү да жоктугуна кейийт. “Алайдан чыккан саясатчылар бир топ эле. Ошолор шайлоо алдында “антенна коюп беребиз” дешкен. Берген убадалары ооздон учкан жел эле болуп калды окшойт”,- дейт ал. Бүлөлүлүктөр кырсыктаган айылдаштарын, толгоосу келген келиндерин учурунда ооруканага жеткире алышпай убара тартышат. Ара жолдо көз жумуп кеткендери да болот экен. “Медпункт дегендин бизде аты гана бар, заты жок. “Тез жардам” чакырууга телефон байланышы жок. Жакында эле досум Болот Дурсунбай уулу чөптөн кулап түшүп, ооруканага убагында жетпей калгандыктан көз жумду”,- деп билдирет.
Ушундай эле өтүнүч менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жашоочулары да кат менен кайрылышты. Пенсионер Шаршен Бозалаевдин жазганына караганда, 2 миң түтүндүү айылдын тургундары телефон байланышы жок, убара чегип келишет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан