Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда уюлдук телефон аркылуу жаңылыктарды ыкчам жана сапаттуу таратуунун жаңы ыкмасы пайда болду. Мындай долбоордун идеясы 3 жыл мурун айтылган. Буга чейин Кыргызстандын калкынын баарын маалыматтык жактан камсыз кылуу мүмкүн эмес болуп келген. Эми ар бир кыргызстандык белгилүү кыска номерди терүү менен жаңылыктардан кабардар боло алат.