КАРЖЫ ПОЛИЦИЯСЫ ЖОЮЛАТ

Президент Роза Отунбаева 10 күн ичинде Мамлекеттик каржы полиция кызматы менен ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча аймактар аралык башкармалыгын жоймокчу. Мындай чечимди президент “көп учурда бул кызматтар өзүнүн тиешелүү жумушу менен алектенишпейт. Бул мамлекеттик түзүмдөр компания жана ишкерлерден акча өндүрүү менен убара”,- деп түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, өткөн аптада MegaCom уюлдук компаниясы менен Каржы полициясынын ортосундагы чыр ачыкка чыккан. Структуранын кызматкерлери компанияны “10 миллион доллардын изи жок, жашырып алды” деп айыпташкан эле. Ал эми компания бул маалыматты четке каккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан