АЖО ӨЗҮ АЙТКАНДАЙ, 30 МИҢ ЭМЕС, 100 МИҢ СОМ АЛАБЫ?

“Азыр кечиктирбей чара көрбөсөк, апрелдин аягы, майда биздин бюджетибиздин таш-талканы чыгат”,-дейт ЖКнын “ата мекенчи” депутаты Равшан Жээнбеков. Эл өкүлү бул кебин “жакында 3-революция болот” деген имиштерге таяп эмес, өлкөнүн бүгүнкү абалынан улам айтып отургандагы кербези.
“Кадимки эттин бир килосу 300 сомго чыгып жатканда “мугалимдердин айлыгын 30 пайызга жогорулаттык” деп кубануунун өзү күлкүлүү. Мугалимдер 1040 сом айлыкка чыдап иштеп жаткан чакта өлкө башчысы 120 000 сомдун тегерегинде айлык алат. Президенттин функцияларын кыскартып, коопсуздук маселесин камсыз кылат деп чектелгенине карабастан, жумшалуучу чыгымга былтыркыдан да чоң сумма бөлүнүүдө. Мисалы, былтыр президенттик институтка бюджеттен 606 миллион сом бөлүнсө, быйыл 829 миллион 512 миң сом каралды. Эмне үчүн?”- деп суроо салат.
Эл өкүлүнүн курч суроолорго такаган маеги келерки санда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
shishka
2011-02-05 18:23:26
Roza aymga al dagy azdyk kylat.
0
Барс
2011-02-06 12:02:56
Мугалимдер-патриоттор! Алар болор болбос айлыкка иштей беришет... Ал эми башкаруу чөйрөсүндөгүлөргө азыркы айлыктары аз. Эгер аларды кыскартууга кичине эле аракет кылсаңар, чет элге качып кетип калат. Анан дагы отурабыз, декрет чыгарып, шайлоо өткөрүп...
0
Айнурочка
2011-02-07 01:50:08
чиновниктер силер 5-10 жыл айлык албай эле иштегилечи, себеби силерде баары бар да, менин машинам же шаарда уйум жок деген созунорго ишенууго такыр мумкун эмес.
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан