АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

КЕМПИРДИ СҮЗҮП КЕТКЕН
5-февраль күнү саат 07:47лер чамасында Бишкектин Манас-Горький көчө­лө­рү­нүн кеси­лишинен 70 жаш­тагы К.Нны машина уруп кеткен. Көптө­гөн жарааттарды алган кемпир оор абалда ооруканага “Тез жардам” аркылуу жеткирилген. Иликтөө иштери жүрүүдө.

БАЛА БАКЧАДАГЫ ШЫЛУУНДУК
Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №135-бала бакчасынын директору Н.Э. Каржы полициясы тарабынан кармалган. Ал адам “эки тарбиячынын кол тамгасын жасоо жолу менен аларга тиешелүү 29 085 сом акчаны өзүнө таандык кылып алган” деп шектелүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат.

ЫСЫК-КӨЛДҮН “СМОТРЯЩИЙИНЕ” АҢЧЫЛЫК
5-февраль күнү Каракол шаарында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Ысык-Көлдүн “смотряшийи” аталган Ж.Тнын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүүдө үйдөн 29 даана Калашников автоматынын огу табылган. Кылмыш иши ачылып, Ж.Т. издөөдө.

ЫМЫРКАЙ ТАБЫЛДЫ
5-февралда Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндөгү №18-үйдүн подъездинен жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Аны дароо ооруканага жеткиришкен. Азыркы кезде ымыркай оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. “Күкүк” эне изделүүдө.

УКМКнын КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ
Ош ШИИБине “УКМКнын Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкери 2 миң доллар акчамды тартып алып, дагы 2 миң доллар талап кылып жатат” деген арыз менен Өзбекстандын жараны кайрылган. 7-февраль күнү шектүү деп саналган УКМКнын кызматкери кармалды. Анын үйүн тинтүүдө көп сандагы мыйзамсыз сакталган куралдар, 5700 доллар өлчөмүндө акча жана жабырлануучунун паспорту табылган. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

ТОНОЙМ ДЕП ТОМУРАҢ БОЛДУ
4-февраль күнү Бишкек шаарындагы “Бета-Бишкек” компаниясынын кеңсесине белгисиз эки адам кол салган. Алар бычак менен коркутуп, акча талап кылышкан. Бирок кеңсенин кызматкерлери каршылык көрсөтүшүп, кол салган адамдардын бирөөсүн жарадар кылып коюшкан. Алган жараатынан ал адам ошол жерде каза болгон. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

101 билдирет

ТҮТҮНГӨ УУЛАНЫП...
4-февралда Кара-Балта шаарынын Киров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анын кесепетинен үйдүн кожоюну Б.Кнын 1980-жылы туулган иниси А.К. иске ууланып каза болгон.

ЖАШ БАЛДАР КӨЗ ЖУМУШТУ
6-февраль күнү саат 02:30да Ноокат районунун Мирмахмудов айыл башкармалыгындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Үйдүн 180 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Андан сырткары күйүктөн алган жарааттардан 11 жаштагы М.А. жана 6 жаштагы Р.А. каза болушкан. Өрттүн чыккан себеби белгисиз.
Ал эми 7-февралда Токтогул районунун Сариев көчөсүндөгү Ж.Тнын үйүнөн өрт чыккан. Өрттөн чыккан түтүнгө ууланып 4 жаштагы Б.Т. каза болгон. Өрткө электр плитасы себеп болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан