АЛГАЧКЫ ӨБҮШКӨНҮҢҮЗ ЭСИҢИЗДЕБИ?

БАКТЫГYЛ БАДЫЕВА:
– Мен 17 жашымда сүйүү сезимине кабылып, биринчи жолу жигит күткөм. 17 жашка чыкканда туулган күнүм болуп досторум менен кафеден тосконбуз. Кафеден чыгып, жигитим мени үйгө узатып баратканда биринчи жолу ал менен өбүш­көм. Эми ал учурдагы сезимдерди сөз менен айтып жеткизе албайм.

МИРБЕК ИМАНБЕКОВ:
– Анда мен 7-класста окучу элем. Бир күнү класстагылар болуп чогулуп отурушка бардык. Анан бир кезде бийге өтүп, кыздарды вальска чакыра баштадык. Жашпыз да, аябай уялып, толкунданып алганбыз. Мен да бир классташ кызымды бийге чакыргам. Ошондо музыканын ыргагы менен бийлеп жатып, биринчи жолу өбүшкөм. Бирок, эртеси эле ал кыз менен урушуп кеткем. Негедир биринчи өбүшүү мага көп жаккан эмес.

НЕЛЯ:
– Алгач 10-классымда жигитим менен өбүш­көм. Экөөбүз кечкурун сейилдөөгө чыктык. Бир кезде сүйлөшүп басып жүрүп, менин үйүмдүн жанына келип калганыбызды байкабай калган экенбиз. Менин болсо үйгө кире турган убагым эбак болуп калган эле. Ошондо коштошуп жатып өбүшкөнбүз. Денемди калтырак басып, толкунданганым эсимде.

САМАНДАР:
– Мен биринчи жолу 4 жашымда бала бакчада Зарина аттуу татар кы­зы менен өбүшкөм. Бирок, ал өбүшүү­дө­гү сезим эсимде калбаган экен. Ал эми жан дилим менен берилип, көздөрүм жумулуп 6-классымда өзүмдөн 3 жаш улуу кыз менен өбүшкөм. Ал кыз мени жактырып жүрчү экен. Бир күнү сабактан үйгө кетип баратсам, ал мектептин аркасында күтүп туруптур. Ошондогу өзүмдү кандай сезгеними сураба. Кыскасы, мага абдан жаккан.

МИРБЕК АТАБЕКОВ:
– 9-классымда өзүм менен катарлаш класста окуган кызды жактырчумун. Ал да мени жактыраарын сез­чү­­мүн. Бир күнү ошол кыздын туулган күнү болуп, мен да торт кө­төрүп алып куттуктап бардым. Туулган күндүн ая­гын­да мен ал кыз менен коштошуп жатып эмне дээримди билбей өөп алгам. Ошол өбү­шүүдөн кийин жарым жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк.

АЙЯ САДЫРОВА:
– Алгачкы жолу 9-классымда жактырган жигитим менен өбүш­кө­нүм эсимде. Анда албетте, толкундануу, уялуу, тартынуу, алтургай, бир аз коркуу сезими да болгон. Андан кийин ал менен жолукканда көпкө чейин уялып жүргөм.

МАКСАТ БЕГАЛИЕВ:
– Азыр эстейинчи. Ммм... 6-классымда. Анда мен Суусамырга каникулга барган элем. Өзүмдөн бир жаш улуу кызды жактырып жүрүп, акыры ошол кыз менен өбүшкөм. Биринчи жолу кыз менен өбүшкөнгө өзүмдү эрдик жасагандай сезип, толкунданган элем. Ал кыз менен каникулум бүткүчө жолугуп жүрдүм. Кийин ал кыз шаарга келгенде эки жолу кезиктик. Азыр болсо достук мамиледебиз.

ИЛЬЯЗ АБДРАЗАКОВ:
– Алгачкы жолу 6-классымда өбүшкөм. Класста олтурсам өзүмдүн эле классташ кызым партанын астына кат таштап кетти. Окусам “Сени мектептин артынан күтөм. Келип кал” деп жазган экен. Ошондо сабакка катышпай, терезеден качып барып өбүшкөнүм эсимде. Бирок, кийин билсем, ал кыз экөөбүздүн ортобузда сүйүү болбоптур. Жөн гана балалык кызыгуу экен.

СЕМА:
– Алгачкы өбүшүүм 8-классымда болгон. Дос кызымдын туулган күнүнө барып, ал жерден бир кыз менен таанышкам. Ошондо бири-бирибизди жактырып калган элек. Көздөрүбүз улам-улам чагылышып, сүрдөп жатканыбыз эсимде. Анан отуруш бүтүп балдар кыздарды үйлөрүнө жеткизүүгө кириштик. Мен жанагы кызды узата турган болдум. Түн ортосу болуп, үйүнө жакындап калганда батынып биринчи жолу өбүшкөм. Ошондогу өбүшүү өзгөчө таттуу, жагымдуу сезимдер менен коштолгон.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Dastanwanted
2017-01-13 01:40:50
Иляз явно калп айтып айткандай эле сезилди
0
Rusbayastan
2022-02-01 13:49:02
Баарын эле жашындан Бабник болгон экенсинер да
0
Gulizaa
2022-02-01 19:38:44
Ой ии, мен 23 жаштамын обушо элекмин значит артта калгам го
0
zamir_kgz
2022-02-05 23:44:48
Gulizaa,эртерээк эрге тийип күйөөң менен жыргап өбүшүп өмүр бою бактылуу бол!
0
№ 191, 30-июнь-6-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан