Самбо
9-февралда уруш түрүндөгү самбо боюнча Бишкектеги Спорт Ордосунда салтка айланган эл аралык мелдеш аяктады. СССРдин спорт чебери, ооганчы Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган таймашка түрдүү аймактардан келген 200 спортчудан тышкары Казакстан менен Түштүк Кореянын өкүлдөрү да катышты. Жеңүүчүлөр менен таблицадан тааныша аласыздар: