Вале тудо
7-февралда “Кабар” маалымат агенттигинде 25-26-февралда өтүүчү Азия чемпиондугуна байланыштуу маалымат жыйыны өткөрүлдү. Вале тудо боюнча Кыргызстанда өтүүчү алгачкы ири мелдеш жөнүндө КРнын Вале тудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов жана машыктыруучу Кенжебек Чекиров маалымат беришти. Алардын айтымында, бизде мелдеш өткөрүүгө Вале тудо боюнча Дүйнөлүк федерация уруксат берген. Мелдешке КМШ өлкөлөрүнөн тышкары Түштүк Корея жана башка бир катар мамлекеттердин мыкты эрендери катышуу тилегин билдирген. Чемпиондук кур үчүн 85 килограмм жана андан өйдө салмакта кызуу мушташ жүрөт. Баш байге БМВ үлгүсүндөгү автоунаа болмокчу. Ал эми кыргыздын намысын Кылычбек Саркарбаев, Рашит Аманкулов, Тилек Жээнбеков, Жолон Айдаров, Дмитрий Чернов өңдүү азаматтарыбыз коргойт. Ошондой эле эрежесиз эр уруш күйөрмандары Бөрү аталган Алмаз Акундун мушташына да күбө боло алышат.