Португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналдунун карындашы Катя сенсациялуу жаңылык таратты. Анын айтымында, агасынын баласынын табышмактуу энеси каза тапты. "Агамдын баласынын энеси чалбай калды. Ал каза болду. Баланы апам тарбиялап жатат",- деди ал. Эске салсак, Роналдунун баласы былтыр июнда жарык дүйнөгө келген. Роналду белгисиз болуп калган суррогат айымга 10 миллион доллардан ашуун акча төлөп берген деген маалыматтар айтылып келет.