Атактуу жубайлар Бекхэмдердин үй-бүлөсү жакында толукталганы турат. Учурда Викториянын төрт айлык боюнда бар. Жубайлар наристенин жынысын билүү үчүн УЗИге барышып, кыздуу болорун угушкан.
“Мен кыздуу болууну кыялданып жүргөм”,- деп кубанат Виктория Бекхэм. Бирок дарыгерлер эне менен баланын ден соолугуна кыжалат болуп жатышат. Наристе Викториянын операция жолу менен жарыкка келген төртүнчү баласы болмокчу. Жубайлардын Бруклин, Ромео, Круз аттуу үч уулу бар.